Кадрлардын региондук, муниципалдык резервин түзүү жөнүндө жарлыкка өзгөртүү киргизилди

19.02.2024 16:22
Булак: "КАБАР" маалымат агенттиги
Кадрлардын региондук, муниципалдык резервин түзүү жөнүндө жарлыкка өзгөртүү киргизилди

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жободо:

– 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 221-пункт менен толукталсын:

“221. Кыргыз Республикасында пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кайра уюштурулгандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган айыл өкмөтүнүн башчылары пилоттук мезгилде кошумча конкурстук жол-жоболорду өтпөстөн квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда арызы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет”.

Булак: https://kg.kabar.kg/news/kadrlardyn-regionduk-munitcipaldyk-rezervin-t-z-zh-n-nd-zharlykka-zg-rt-kirgizildi/