КР БШК өлкөдө жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында шайлоо комиссияларынын милдеттерин карады

30.01.2024 11:11
Булак: КР БШК маалымат бѳлүмү
КР БШК өлкөдө жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында шайлоо комиссияларынын милдеттерин карады

2024-жылдын 29-январында КР БШК өлкөдө жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында шайлоо комиссияларынын милдеттерин карады.

2023-жылдын 29-декабрында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин №370 Жарлыгы кабыл алынган.

Жарлыкта административдик-аймактык реформаны (ААР) Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде жүргүзүү каралган.

Жарлыкта мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын органдарынын милдеттери белгиленген; административдик-аймактык реформаны пилоттук режимде жүргүзүү боюнча Жол картасы бекитилген.

Жарлыкты ишке ашырууда, БШКнын ыйгарым укуктарынын чегинде административдик-аймактык реформага байланыштуу зарыл чараларды өз убагында жана сапаттуу кабыл алуу, БШКнын ААР алкагында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн КР БШК шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча борбордук орган катары БШКнын жана аймактык шайлоо комиссияларынын алдына бир катар милдеттерди белгиледи:

  • пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн максаттары жана тартиби жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгы менен бекитилген Жол картасынын 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын органдары менен ѳз ара аракетте жаңыдан уюшулган айылдык аймактардын жана шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ишин уюштуруу, тѳрагалдарын шайлоону ѳткѳрүү боюнча аймактык шайлдоо комиссияларын координациялоо жана ишин уюштуруу-усулдук жактан камсыз кылуу  (шайлоо комиссияларынын ишинин графиги, координациялоо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү , ж. б.);
  • административдик-аймактык реформаны ишке ашырууну эске алуу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдарга зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча БШКнын ыйгарым укуктарынын чегинде кадамдык чараларды иштеп чыгуу максатында пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны ишке ашырууга туруктуу мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
  • жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашырууга байланышкан уюштуруучулук, усулдук жана финансылык чараларды кабыл алуу.

Азыркы учурда республика боюнча 484 жергиликтүү кеңеш бар, анын 32си шаардык жана 452си айылдык кеңештер бар экенин белгилѳѳ зарыл.

Мандаттардын саны – 9062 (ш/к 920, а/к 8142), шайлоо округдары – 1418.

  • Бишкек шаарында 45 мандат, 1 шайлоо округу;
  • Баткен облусунда 827 мандат, 141 шайлоо округу;
  • Ош областы боюнча 1981 мандат, 373 шайлоо округу;
  • Жалал-Абад облусунда 1696 мандат, 279 шайлоо округу;
  • Чүй облусунда 1882 мандат, 239 шайлоо округу;
  • Талас облусунда 628 мандат, 89 шайлоо округу;
  • Нарын облусунда 884 мандат, 122 шайлоо округу;
  • Ысык-Көл облусунда 1074 мандат, 173 шайлоо округу.

93 жергиликтүү кеңеште (18 шаардык жана 75 айылдык кеңеш) административдик чек аралар өзгөртүүсүз калтырылды, анын ичинде:

  • Баткен облусунда 25 ж/к (5 шаардык: Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Раззаков жана 20 айылдык кеңештер). Баткен, Лейлек райондорунда, Баткен облусунун Баткен жана Сүлүктү шаарларында мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аяктаганга чейин административдик-аймактык реформа жүргүзүү токтотулду;
  • Ош облусунда 30 ж/к (2 шаардык: Өзгөн, Ноокат жана 28 айылдык кеңештерде);
  • Жалал-Абад облусунда 14 ж/к (4 шаардык: Кара-Көл, Базар-Коргон, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак жана 10 айылдык кеңештеринде);
  • Чүй облусунда 18 ж/к (5 шаардык: Кемин, Орловка, Шопоков, Кайыңды, Токмок жана 13 айылдык кеңештер);
  • Талас районунда 2 ж/к (1 шаар: Талас шаары жана 1 айылдык кеңеш);
  • Нарын облусунда 2 ж/к (1 шаар: Нарын шаары жана 1 айылдык кеңеш);
  • Ысык-Көл районунда 2 айылдык кеңеш бар.

Административдик-аймактык чек араны ѳзгѳртүү 391 жергиликтүү кеңеште (14 шаардык жана 377 айылдык кеңештер) жүргүзүлүү каралган:

Натыйжада, бул өзгөртүүлөрдөн кийин 268 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 33 шаардык, 235 айылдык кеңештер каралган.

  • Баткен облусунда 37 ж/к гана болгон, өзгөртүүлөрдөн кийин – 32 ж/к;
  • Ош облусунда 91 ж/к гана болгон, өзгөртүүлөрдөн кийин – 61 ж/к;
  • Жалал-Абад облусунда болгону 76 ж/к болгон, өзгөртүүлөрдөн кийин – 47 ж/к;
  • Чүй облусунда 112 ж/к гана болгон, өзгөргөндөн кийин – 56 ж/к;
  • Талас облусунда 38 ж/к гана болгон, өзгөргөндөн кийин – 17 ж/к;
  • Нарын облусунда 64 ж/к гана болгон, өзгөргөндөн кийин – 28 ж/к;
  • Ысык-Көл облусунда 64 ж/к гана болгон, өзгөргөндөн кийин – 25 ж/к.

Облустук маанидеги Таш-Көмүр шаарынын курамына кирген Шамалды-Сай шаар түрүндѳгү шаарча райондук маанидеги шаар – Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Шамалды-Сай шаары болуп кайра түзүлдү.

КР БШК маалымат бѳлүмү

Маалыматтык презентация