Коомдук бюджеттик угууларды өткөргөн ачык-айкын ЖӨБ органдары байгелерди да алышты, коомчулукка да таанылышты

18.01.2024 16:24
Коомдук бюджеттик угууларды өткөргөн ачык-айкын ЖӨБ органдары байгелерди да алышты, коомчулукка да таанылышты

2024-жылдын 15-январында Бишкекте “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Бул конкурс 2023-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейинки мезгил аралыгында өткөрүлгөн.

“Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсун “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Коалициясы[1] (мындан ары – Коалиция) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары – КР ФМ) менен биргелешип уюштурду. Конкурс жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрү эсепке алынуусун камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун коомдук талкуулоого жарандарды тартуу аркылуу жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбаларын аныктап, андан ары жайылтуу максатын көздөдү. Конкурс жөнүндө Жобого ылайык, ага Кыргыз Республикасынын ЖӨБдүн бардык аткаруу органдары катыша алышты. Бул ЖӨБ органдары 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды 2023-жылдын май-август айларында өткөрүшкөн.

“Конкурска Кыргызстандын 5 облусунан жалпысынан 27 (жыйырма жети) өтүнмө түшкөн. Конкурстун байге фонду 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң) сомду түзүп, аны Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташуу агенттиги (SDC) каржылаган Коалиция бөлдү. Өтүнмөлөр бир катар критерийлер боюнча бааланды. Алар: коомдук угууларга чейин жана андан кийин маалыматтык иш-чараларды өткөрүүнүн сапаты; жарандардын гендердик тең салмактуулукту сактоо менен катышуу деңгээли жана шаардын/айылдык аймактын камтылышы; колдонулган көрсөтмө материалдардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты, http://gb.minfin.kg веб-тиркемесин колдонуу менен бюджет канчалык толук түзүлгөнүн көрсөткөн деңгээли ж.б.”, - деди Коалициянын өкүлү, конкурстук комиссиянын мүчөсү Азамат Мамытов.

КР Финансы министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, КР ЖӨБ Союзунун, БАЖБАнын, Өнүктүрүү саясат институтунун, Жарандык коомдун уюмдарынын жана тиешелүү чөйрөдө иштеген өнүктүрүү долбоорлорунун өкүлдөрүнөн турган Конкурстук комиссия өтүнмөлөрдүн ар бирин жекече карап чыгып, баа коюп, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

Төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары конкурстун жеңүүчүсү деп таанылсын:

  1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнө 300 000 сомго жакын акчалай сыйлык тапшыруу менен 1-орун;
  2. Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айыл өкмөтүнө 250 000 сомго жакын акчалай сыйлык тапшыруу менен 2-орун;
  3. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнө 200 000 сомго жакын суммага байге тапшыруу менен 3-орун.

Төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 55 000 сомдун тегерегинде шыктандыруучу сыйлыктар берилсин:

  • Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө;
  • Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айыл өкмөтүнө;
  • Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айыл өкмөтүнө;
  • Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнө;
  • Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө;
  • Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө;
  • Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казбек айыл өкмөтүнө;
  • Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө;
  • Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнө;
  • Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө.

Конкурстук комиссиянын тапшырмасы боюнча, байге каражаттарына Коалиция жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик өнүгүүсүн жогорулатууга байланышкан кызмат көрсөтүүлөргө арналган товарларды сатып берет. Алар: калк менен маалымат алмашууну жакшыртуу үчүн жабдуулар, үн күчөткүчтөр (колонкалар), микрофондор жана ушул өңдүү товарлар, коомчулукту кабарландыруу системалары; суу менен камсыздоо, таштанды чогултуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жашылдандыруу чөйрөлөрүндө муниципалдык кызмат көрсөтүүчүлөр, анын ичинде муниципалдык ишканалар үчүн жабдуулар; муниципалдык мекемелер (мектептер, бала бакчалар, музыкалык жана спорттук мектептер) үчүн жабдуулар жана буюмдар; жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессинде калктын аярлуу катмарынын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын катышуусун жогорулатуу үчүн жабдуулар жана шаймандар. Байге каражаттарын курулуш-ремонт иштерин каржылоо, эмгек акы төлөө же иш сапарлары үчүн пайдаланууга болбойт.

_________________

[1] Коалицияны “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмеси, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу” юридикалык жактардын бирикмеси жана “Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы” мекемеси түзгөн. Коалиция Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган күч-аракеттерди бириктирип, бул ишти биргелешип жүзөгө ашыруу максатын көздөйт.