Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!

26.12.2023 09:56
Сиздерге ачык маанай каалайбыз!
Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!

Урматтуу кесиптештер жана өнөктөштөр, кымбаттуу достор!

Өнүктүрүү саясат институту
(“Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн”
Коалициясынын мүчөсү)
сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!

Сүрүп жаткан доорубуздун жана азыркы учурдун чакырыктары
ар кандай иште биргелешкен аракетке,
кызматташууга жана өнөктөштүккө өзгөчө баалуулук берет.

Биз сиздерге жаңы жылда албан-албан ийгиликтерди,
достук байланыштарды чыңдоону, жергиликтүү жамааттардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча
биргелешкен аракетибизде пикирлештердин санын кеңейтүүнү каалайбыз!

Жаңы жыл “Жамааттар үчүн көбүрөөк жалпы пайдага биргелешип жетебиз!”
деген ураандын астында өтсүн.

Биргелешкен аракеттерди колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирүү менен,

ӨСИ командасы,

“Кыргыз Республикасындагы ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн”
Коалициясынын командасы