Муниципалитеттер гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктү колдоого алышты

12.12.2023 14:52
Таланттар сынагынын катышуучулары 16 күндүк өнөктүктүн идеяларын чыгармачылык аркылуу илгерилетип, көрүүчүлөрдү үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга салым кошууга үндөштү.
Муниципалитеттер гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктү колдоого алышты

12-ДЕКАБРЬ, 2023 – Кыргыз Республикасынын 38 муниципалитетинде гендердик зомбулукка каршы күрөшүүгө арналган чыгармачылык иш-чараларга жана таланттар сынагына 2000ден ашык адам катышты. Иш-чаралар USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк глобалдык кампаниянын алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаралар максаттуу муниципалитеттердин, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү кеңештердин, Ички иштер министрлигинин жана Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттеринин Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарындагы өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулду.

Таланттар сынагынын катышуучулары 16 күндүк өнөктүктүн идеяларын чыгармачылык аркылуу илгерилетип, көрүүчүлөрдү үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга салым кошууга үндөштү. Сынактын жеңүүчүлөрү күжүрмөн эмгеги жана зомбулукка каршы үнүн билдиргени үчүн байгелер менен сыйланышты.

Мындан тышкары көрүүчүлөргө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча видеоролик көрсөтүлүп, анын каармандары долбоордун атайын өкүлү катары иш-чараларга катышты. Атайын өкүлдөр аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууда өз тажрыйбалары жана жарандык коом уюмдарынын жана ЖӨБ органдарынын ролу менен бөлүшүштү.

Биздин колдообуз менен ЖӨБ органдары тарабынан уюштурулуп жаткан зордук-зомбулуктун алдын алууга арналган таланттар сынагына жаштардын катышуусу өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Мындай иш-чаралар аркылуу жаштар зордук-зомбулуксуз жашоонун баалуулуктарына жана тажрыйбаларына ээ болушат. Бул келечекте өлкөбүздүн жана коомубуздун тынч жана жаратман өнүгүшүнө үмүт берет”, - деп белгиледи USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун мониторинг, баалоо жана билимди башкаруу боюнча менеджери Артур Букалаев.

Долбоорго өнөктөш муниципалитеттердин бири Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Бозгунов: “Жыл сайын бул маселеде калктын активдүүлүгү өсүп, үй-бүлөлүк зомбулукту, ала-качууну жана башка айыл-кыштактардагы аялдардын укуктарынын бузулушун айыптаган бирдиктүү пикир калыптанып жатканы бизди кубандырат. Биз биргелешип зомбулуктун бардык түрлөрүн жок кыла алабыз деп үмүттөнөбүз” – деди.

Муниципалитеттер ошондой эле 16 күндүк кампаниянын тарыхы, анын максаттары, зордук-зомбулуктун түрлөрү жана жабырлануучулар жардамга муктаж болгон учурда кайда бара ала тургандыгы тууралуу элге маалымат берүү үчүн жасалган плакаттарды илип, маалымат таратышты.

Долбоордун колдоосу менен 38 муниципалитеттин Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттердин өкүлдөрүнө кызгылт сары (өнөктүктүн түсү) лента менен ышкырыктарды тапшырышты. Комитеттер ышкырыктарды үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кайрылган аялдарга жардам көрсөтүү жана зомбулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында колдонушат.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору – Өнүктүрүү саясат институту тарабынан Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында ишке ашырылып жаткан төрт жылдык программа. Ал ЖӨБ органдары көрсөтүүчү жергиликтүү кызматтардын сапатын жогорулатуунун эсебинен 50 муниципалитетте жарандардын бакубатчылыгын жакшыртууга багытталган. Төмөнкү шилтемеден көбүрөөк маалымат алсаңыз болот: www.fb.com/SA2Project