Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча усулдук колдонмо иштелип чыкты

28.11.2023 11:02
Усулдук колдонмо жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн багытталган.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча усулдук колдонмо иштелип чыкты

Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору Жергиликтүү деңгээлдеги программалык документтерге бекитилген үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу жаатындагы милдеттердин жана чаралардын аткарылышын баалоо жана  көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн” Усулдук колдонмонун 400 нускасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырды. 

2023-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте жергиликтүү кеңештердин депутаттарына багытталган үй-бүлөлүк зомбулуктан алдын алуу боюнча Усулдук колдонмонун  расмий бет ачары болуп өттү. Иш-чарага Мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, жарандык коом уюмдары, колдонмонун авторлору, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун эксперттери жана кызматкерлери катышты.

КРнын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мурат БАЙДЫЛДАЕВ бул колдонмонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бүгүнкү күндө өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көп катталууда. Бул ата-энелердин миграцияга кетип, балдары кароосуз чоңоюп, алардын тарбиясына тийиштүү көңүл бурулбай калгандыгына байланыштуу болушу мүмкүн. Ал эми бул Колдонмонун иштелип чыгышы өз убагында жасалган кадам. Анткени басылмада мындай учурларда ЖӨБ органдары кандай чараларды көрүшү керектиги этап-этабы менен сүрөттөлөт. Маанилүү жагы – үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун аткарылышын көзөмөлдөө функциясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарына жүктөлгөн”.

Усулдук колдонмону басып чыгаруу Долбоор техникалык колдоо көрсөтүп,  КРнын МКЖӨБМАнын 2023-жылдын 15-июнундагы № 176 буйругу менен бекитилген. Аталган басылма бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдонууга сунушталган.

Методикалык колдонмо жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн натыйжалуу механизм болуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча милдеттерди жана иш-чараларды ишке ашырууга баа берүү жана көзөмөлдөө жүргүзүүнүн куралы болоору күтүлүүдө. “Кыргызстан үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жаатында дүйнөлүк коомчулуктун алдында белгилүү бир милдеттенмелерди алып, анын алкагында зарыл иш-чараларды пландаштырган. Бул милдеттенмелер ушул колдонмодо эске алынган. Колдонмодогу так көрсөтмөлөрдү аткаруу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын алдын алууга көмөктөшүү, зарыл болгон учурда тиешелүү чараларды көрүү, жалпы кырдаалды көзөмөлдөө жеңил болот деп айтууга болот. Бул өз кезегинде аларга үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында жылдык отчетторду даярдоо жеңилдейт”, - деди Усулдук колдонмону иштеп чыгуучулардын бири, гендердик маселелер боюнча эксперт Бакыта КАЧИКЕЕВА. Ошондой эле басылма USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында 20дан ашык муниципалитеттерде жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына негизделгенин белгилешти.

Басылманын расмий бет ачаары аяктагандан кийин иш-чара  суроо-жооп форматында улантылды. Иш-чаранын соңунда USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору КРнын МКЖӨБМАга 400 нуска усулдук колдонмону тапшырды. Басылмалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таратылмакчы.

Долбоордун өкүлү өнөктөш ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн окутуу планы бар экенин билдирди. “Биздин Долбоор Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы 38 пилоттук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен активдүү иш алып барууда. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” аттуу 27-беренесине ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча иш-чаралардын комплексин аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жүктөлөт. Бул документти ишке ашыруунун алкагында Усулдук  колдонмону өздөштүрүүгө арналган окутуулар каралган. Тренинг үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуунун чараларын эффективдүулүгүн баалоо, ыкмаларына, максаттарына, милдеттерине арналып, ошондой эле гендердик зомбулуктун алдын алууда жана ага каршы күрөшүүдө ЖӨБ органдарынын ордун түшүндүрөт”, - деди Бакыт АЙТКУЛОВ, USAIDдин  “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун координатору.

Маалымат үчүн: Кыргызстан гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын активдүү катышуучусу болуп саналат, ал аялдарга жана кыздарга карата зомбулук боюнча маалымдуулукту жогорулатууга жана кайдыгерликти, ошондой эле басмырлоонун бардык түрлөрүн токтотуу үчүн жамааттык аракеттерди күчөтүүгө багытталган. Бул Глобалдык кампания БУУнун колдоосу астында жыл сайын 25-ноябрдан 10-декабрга чейин дүйнөнүн 187ден ашуун өлкөсүндө өткөрүлөт.