КЫЗМАТТАШТЫК ЖАНА КАМКОРДУК. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун “Инклюзивдүү өнүктүрүү” компонентинин алкагында 2022 жана 2023-жылдарга карата ишмердүүлүгү боюнча сереп конференциясы: өзгөчөлүктөр, жетишкендиктер, көйгөйлөр

24.11.2023 12:13
Конференциянын жүрүшүндө долбоордун кызматкерлери жана максаттуу муниципалитеттердин өкүлдөрү инклюзивдик өнүктүрүү жаатында аткарылган иштердин жыйынтыгы менен бөлүшүштү.
КЫЗМАТТАШТЫК ЖАНА КАМКОРДУК. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун “Инклюзивдүү өнүктүрүү” компонентинин алкагында 2022 жана 2023-жылдарга карата ишмердүүлүгү боюнча сереп конференциясы: өзгөчөлүктөр, жетишкендиктер, көйгөйлөр

Бүгүн, 2023-жылдын 24-ноябрында, Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун “Инклюзивдик өнүктүрүү” компонентинин алкагында ишмердүүлүк боюнча сереп-конференциясы болуп өттү. Ага жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жаатындагы эксперттер, долбоордун өнөктөштөрү, ошондой эле долбоор ишке киригизилген Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Конференциянын жүрүшүндө долбоордун кызматкерлери жана максаттуу муниципалитеттердин өкүлдөрү инклюзивдик өнүктүрүү жаатында аткарылган иштердин жыйынтыгы менен бөлүшүштү. Акыркы бир жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгууга тартылган 200дөн ашык айыл аймактын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн окуулар өткөрүлдү.

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун инклюзивдик өнүктүрүү боюнча иши Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн фундаменталдык принцибине – “Эч кимди артта калтырба”, деген принципке негизделген.

Инклюзивдик өнүгүү – бул жашоонун сапатын жакшыртуу жана бардык жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен коштолгон экономикалык өнүгүү. Инклюзивдик экономикалык өсүш – туруктуу өнүгүүнүн шарты”, - деп белгиледи “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жетекчиси Асель МАМБЕТОВА.

Үстүбүздөгү жылдын август-сентябрь айларында Долбоор пилоттук муниципалитеттердин арасында социалдык-экономикалык өнүгүү программасындагы эң жакшы инклюзивдик чарага сынак өткөргөн. Анын жыйынтыгында Долбоор жалпы суммасы 500 000 сомдук эки инклюзивдик иш-чараны ишке ашырууга колдоо көрсөттү. Мындай иш-чаралардын бири Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагы тарабынан сунушталды. Ал өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын жакшыртууга багытталган.

Биздин облуста физикалык жана психикалык өнүгүүсү өзгөчө муктаж болгон балдар өсүп келе жатат. Атайын шарттын жоктугунан алардын көбү бала бакчага бара алышпайт. Жаңы-Жол айыл аймагынын социалдык-экномикалык программасына (СЭӨП) бул балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемесине баруусуна, коомго аралашуусуна, окуусуна шарт түзүүнү белгилегенбиз. Конкурстук комиссия бул чараны ишке ашырууга колдоо көрсөтүүнү чечкени мени абдан кубандырат. Мугалимдерге өзгөчө муктаж болгон балдарды окутууга шарт түзүүгө жардам бере турган атайын жабдыктар, оюнчуктар, окуу куралдарын алдык”, - деди Жаңы-Жол айылдык аймагынын кызматкери Анара КУЛЖАБАЕВА.

Долбоордун колдоосуна ээ болгон экинчи чара - Ысык-Көл районунун Ырдык айыл аймагынын Жон-Булак айылында ачык асман алдындагы балдар аянтчасын орнотуу болду.

Долбоордун алкагында инклюзивдик өнүктүрүү боюнча тренингдин жүрүшүндө маанилүү ой айтылды: кандай гана өнүгүү болбосун эл, жарандар жасайт, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги максаты - аларга татыктуу шарттарды түзүү болушу керек. Адамдар иштөөгө, өнүгүүгө жана баарлашууга мүмкүнчүлүк болгондо, алар гүлдөгөн экономиканы түзүшөт. Бийликтин камкордугун сезгенде адамдар активдешип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү өздөрү издеп, ишке ашырышат. Адамдардын эс алуусун уюштуруу учун коомдук жайларды түзүү да камкордуктун көрүнүшү. Жаңы аянтчада Чоң-Булак айылынын балдары көңүлдүү эс алат, деп ишенебиз”, - деди Ырдык айыл аймагынын башчысы Медербек СУЛТАНОВ.

Мындан тышкары, Долбоор үй-бүлөлөр арасында акы төлөнбөгөн үй жумуштарын адилет бөлүштүрүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча активдүү иш алып барууда. Маалыматтык кампаниянын алкагында бир нече социалдык роликтер чыгып, социалдык тармактарда #сонунүйбүлө хэштеги менен кыска сынак өткөрүлдү. Бул сынактын жеңүүчүлөрү конференциянын жыйынтыктоочу бөлүгүндө долбоордон белектерге ээ болушту.