Баткенде жергиликтүү активисттер жана ЖӨБ органдары жергиликтүү кызматтарды уюштуруу жана жакшыртуу механизмдери менен таанышышты

20.11.2023 10:48
Кененирээк маалымат алуу үчүн адис: Мирлан Молдобеков, долбоордун ӨСИден координатору, mmoldobekov@dpi.kg
Баткенде жергиликтүү активисттер жана ЖӨБ органдары жергиликтүү кызматтарды уюштуруу жана жакшыртуу механизмдери менен таанышышты

Өнүктүрүү саясат институту 2023-жылдын 13 – 16-ноябрында Баткен шаарында “Башкаруу органдарынын социалдык жоопкерчилигин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу” темасында тренинг өткөрдү. Иш-чара “MSDSP KG” коомдук фондунун “Баткен – Сугд чек ара аймактарын өнүктүрүү” долбоорунун буюртмасы менен уюштурулду.

Жамааттын активисттерин жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана башкаруунун негиздери жана алардын кызмат көрсөтүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иштөө көндүмдөрүн практикада бекемдөө, жамааттын жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн өз ара жоопкерчилиги жөнүндө түшүнүгүн тереңдетүүгө багытталган тренинг эки күндүк болуп, ага жалпысынан 60ка жакын адам катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар заманбап технологияларды (соцтармактарды, мессенжерлерди) колдонуу аркылуу ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттардын ортосундагы натыйжалуу маалыматтык байланышты жакшыртуу тууралуу да маалымат алышты.

“Өткөн төрт күндүн аралыгында 2 максаттуу аудиторияга 2 тренинг өткөрүлдү. Алардын жүрүшүндө тренингге катышкан “MSDSP KG” коомдук фондунун “Баткен – Сугд чек ара аймактарын өнүктүрүү” долбоорунун пилоттук жамааттарынын өкүлдөрү жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана туруктуулугун жакшыртуу үчүн (ЖӨБ органдары менен жамааттардын) биргелешкен иш-аракеттерди даярдоо көндүмдөрүн практика жүзүндө үйрөнүп, алгачкы долбоорлорун даярдаганга жетишишти. Мындан сырткары, ар бир аймактын өкүлдөрү бул багытта бир “социалдык долбоорду” аныктап алып, аны ишке ашыруу үчүн иш-аракеттерди пландашты. Ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлордун мисалын андан ары жайылтуу жолдору катары биз ЖӨБ мыкты тажрыйбалар порталын[1], социалдык тармактарды жана 12 жылдан бери Кыргызстандын аймагында чыгып келе жаткан, атайын адистештирилген “Муниципалитет” журналын сунуштадык”, - деди Мирлан Молдобеков, ӨСИнин тренери.  

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар ар кандай турмуштук кырдаалдарга негизделген практикалык тапшырмаларды аткарып, алардын жыйынтыктарын кесиптештерине тартуулашты. Катышуучулардын айтымында тренингдин натыйжасында алар мыйзам чыгаруучулук жаатындагы жаңылыктарды, жергиликтүү маанидеги маселелердин приоритеттүүлөрүн аныктоо, ишке ашырылган долбоордун туруктуулугунун мааниси жана аны камсыздоо жолдору ж.б. менен кеңири таанышышты.

“Өткөн 2 күндүн ичинде мен жеке өзүм үчүн ЖӨБ органдары чечим чыгарууда жергиликтүү жаматтар менен иш алып барып, алардын пикирин жана сунуштарын эске алуунун, муниципалдык кызматтарды уюштуруу жана муниципалдык ишканаларды түзүү, алардын иш-аракеттерин жөнгө салуу, аймакта аткарылып жаткан долбоорлордун ишке ашырылуусуна мониторинг жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн аныктап алдым”, - деди Жоробаев Ысманали, Тогуз-Булак айылдык аймагынын Айкөл айылынын старостасы.

“Биз, жарандык активисттер катары, үнүбүздү жергиликтүү бийликке жеткире албайт элек. Бул тренингден мен ошого кантип жетишсе боло тургандыгын жана топтор менен иштегенди үйрөндүм. Андан сырткары мен өзүмө алган сабагым – мен кайсы көйгөй болбосун өзүм эле барып, жалгыз чечкенге аракет жасай берген экенмин. Ал эми бул тренингден кийин мен ал көйгөйлөрдү эле менен биргеликте аныктап, аны артыкчылык боюнча ирээттештирип, колдо бар ресурстарды таап, аларды туура пайдаланса боло тургандыгын түшүндүм”, - деди Сумбула  айылдык аймагынын Таш-Булак айылынын “Жаштык” мектебинин директору Жумаев Кисматулло.

Иш-чарага “MSDSP KG” (Эм Эс Ди Эс Пи Кей Джи) коомдук фондунун “Баткен – Сугд чек ара аймактарын өнүктүрүү” долбоорунун Кыштут, Суу-Башы, Тогуз-Булак, Сумбула жана Кең-Талаа айылдык аймактарынын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү активисттери катышышты.

_________

[1] www.myktyaimak.gov.kg