Кыргызстандын муниципалдык кызматчыларына жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына өз квалификациясын жогорулатууга эмнелер тоскоол болууда?

27.10.2023 16:59
Маалымат алуу үчүн: Рахат Макеева, +996 555 311 355, r.makeeva@lga.kg
Кыргызстандын муниципалдык кызматчыларына жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына өз квалификациясын жогорулатууга эмнелер тоскоол болууда?

Административдик-аймактык реформа муниципалдык кызматчылардын алдына жаңы милдеттерди коюп жатат. Кыргызстандын мыйзамдары кызматчыларды окутууга жана квалификациясын жогорулатууга шарт түзүп бергени менен, башка маселелер кала берүүдө. Бирок эң чоң суроо жергиликтүү кеңештердин депутаттарына байланыштуу келип чыгууда – алардын саны өлкөдө 8 722 адамды түзөт. Тилекке каршы, жер-жерлерде эл өкүлдөрүн окутуу жана квалификациясын жогорулатуу механизми жок. Жамааттардагы жашоонун сапаты көп учурда депутаттардын билим деңгээлине көз каранды болот, себеби алар бюджетти, өнүктүрүү программасын кабыл алышат, тарифтерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү бекитишет, дагы башка иштерди жасашат.

Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы көйгөйдү чечүүнүн варианттарын талкуулоо максатында 27-октябрда Бишкекте тегерек стол өткөрөт. Талкууга мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын, эл аралык уюмдардын, ЖОЖдордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар катышат.

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык жөнүндө Жобонун негизинде Муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматкерлер окуудан өтүшөт. Бирок КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнундө” Мыйзамы боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттардын окутуулары каралган эмес. Анткени бул мыйзам административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга гана жайылтылат. Саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдарга окутуулар кээ бир учурда КР Президенттик Администрациясынын сунушу менен эл аралык өнөктөштөр тарабынан (Фонд Ханнс Зайдель сыяктуу)  уюштурулууда. Жакындан баштап бул катарды Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы толуктап, ал 2023-жылдын июнь айынан баштап муниципалдык кызматкерлер жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн акы төлөнүүчү негизде ведомстволук багыт боюнча квалификацияны жогорулатуу программалары боюнча курстарды өткөрүп келүүдө. Өз кезегибизде биз муниципалдык кызматкерлердин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ведомстволук квалификациясын жогорулатуу системасын андан ары өркүндөтүү, натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сиздер менен кызматташууга даярбыз”, - деди Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) маселелери боюнча биз өткөрүп жаткан курстар муниципалдык кызматчылардын гана эмес, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын да квалификациясын туруктуу негизде жогорулатып турууга ЖӨБ органдары муктаж экенин тастыктап жатат, себеби алар жергиликтүү маанидеги маселелерге тиешелүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алып турушат эмеспи. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматчылардын ведомстволук багыт боюнча квалификациясын жогорулатуу системасы эми гана калыптанып келаткандыктан, иштин жүрүшүндө биз ченемдик укуктук актылардагы көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди аныктай алдык. Мисалы, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын квалификациясын же потенциалын жогорулатуу боюнча конкреттүү ченем жок, ошондуктан депутаттар өз каражаттарынын эсебинен билим алууга мажбур болушууда. Ал эми мындай мүмкүнчүлүк бардык эле депутаттарда боло бербейт, анын үстүнө депутаттар коомдук башталышта иштешет эмеспи”, - деди БАЖБАнын директору Асель Курманалиева.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынат, ал жергиликтүү депутаттар үчүн окутууну каржылоо механизмин түзүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо үчүн КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана башка тиешелүү ведомстволорго жөнөтүлөт. Бирок ошону менен бирге талкуунун катышуучулары башка маселелерди да козгошот, анын ичинде ЖӨБдүн ар бир органында муниципалдык кызматчыларды окутуу программаларынын болушу зарылдыгы жөнүндө маселени көтөрүшөт. Маселе административдик-аймактык реформага байланыштуу күн тартибине чыкты, себеби бул реформанын натыйжасында бир көрүнүш айкын болду: бүгүнкү күндө ири муниципалитеттерде ЖӨБ органдарында иштеген көп сандагы “универсалдуу кызматкерлердин” ордуна кыйла квалификациялуу жана кууш адистиктеги кызматкерлер керек болуп турат.

Мыйзамдардагы тез-тез өзгөрүүлөр, муниципалитеттерде кадрлардын бир орунда кармалбаганы, каржылоону жана негизги билимди камсыз кылбастан эле ЖӨБ органдарына улам жаңы функцияларды жана милдеттенмелерди жүктөй берүү алардын квалификациясын туруктуу негизде жогорулатууга болгон муктаждыгын көбөйтүүдө. Бул чөйрөдөгү керектөөлөр менен таанышып чыгып, Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын квалификациясын жогорулатуу боюнча бир нече программаны даярдап чыкты. Академия ушул жылдын июнь айынан баштап жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерин үзгүлтүксүз окута баштады. Бүгүнкү күндө акы төлөп, 1300гө жакын адам квалификациясын жогорулата алды, алардын ичинде муниципалдык кызматчылар, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү активисттер бар.

Иш-чара Швейцариянын колдоосу менен “КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Коалициясынын программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатат1.

_____________

1 “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Коалициясынын  программасын Өнүктүрүү саясат институту, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы түзгөн. Коалиция жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү чөйрөсүндө жергиликтүү жамааттардын турмуш шартын жакшыртууга багытталган реформаларды колдоо максатын көздөйт жана Швейцариянын финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда.