“КР ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” коалициясы: “Мамлекет жана ЖӨБ органдары жергиликтүү өнүгүү жагынан координациялык колдоо алат”

26.10.2023 13:39
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү тармагындагы алдыңкы үч мекеме “КРгы ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Коалициясына биригип (мындан ары Коалиция), мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана башка кызыкдар тараптарды көмөктөшүүгө чакырды.
“КР ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” коалициясы:  “Мамлекет жана ЖӨБ органдары жергиликтүү өнүгүү жагынан координациялык колдоо алат”

Коалиция жергиликтүү коомчулуктун жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган Өнүктүрүү саясат институту, КР жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу жана Борбор Азиядагы жергиликтүү башкаруулар Академиясы тарабынан түзүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар, жалпысынан мамлекет сыяктуу, 2020-жылдардан тарта глобалдык жана регионалдык көйгөйлөргө туш болду. Алар пандемия, тышкы саясаттагы туруксуздук, ички түшүнбөстүктөр, климаттык өзгөрүүсү, энергетикалык кризис жана башкалар. Татыктуу жана коопсуз жашоо шарттарын камсыздоо максатында өлкө жарандары бийликтен тез жана координацияланган кадамдарды күтүп жатканы байкалат. Буга байланыштуу элдин үмүтүн актоо үчүн башкаруу системасы күчөтүлгөн колдоого муктаж. Коалициянын түзүлгөндүгү дагы бул талаптка жооп болуп саналат жана аракетти бириктирүү менен жергиликтүү өз алдынча башкарууларга жигердүү жана так координацияланган колдоого бере алабыз”, - деп, билдирди ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ.  

Коалициянын маанилүү милдеттеринин бири ЖӨБ органдарына жана жергиликтүү жамааттарга колдоо көрсөткөн түрдүү тараптарды координациялоо болуп саналат. Андыктан Коалициянын биринчи коомдук иш-чарасы 26-сентябрда Бишкекте уюштурулган Координациялык кеңештин отуруму болду. Коалициянын 2023-2026-жылдарга багытталган Программасын талкулоодо катышуучулар жергиликтүү өнүктүрүү боюнча орчундуу темаларды киргизишти, анын катарында: жергиликтүү бюджетти жогорулатуу, жергиликтүү кызматтарды көрсөтүүнү жана өнүктүрүүнү пландоо ишин жакшыртуу, муниципалдык башкарууну санариптик тарнсформациялоо жана башка актуалдуу маселелер.

КР Кабинет Минитсрлер алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мурат БАЙДЫЛДАЕВ билдиргендей, Коалициянын негизделиши жана анын программасын иштеп чыгуу – мамлекеттик органдар менен мамлекеттик эмес органдардын буга чейин ЖӨБдү өнүктүрүү тармагындагы тыгыз кызматташтыктын уландысы болуп саналат:“Жергиликтүү өз алдынча башкарууларды өнүктүрүү маселелер боюнча иш алып барган мамлекеттик органдар көп жылдар бою ЖӨБ Союзу, Өнүктүрүү саясат институту жана башка уюмдар менен таасирдүү кызматташып келет. Биргелешкен аракет жана ишти координациялоо көбүрөөк жыйынтык берип, мамлекеттик чыгымдарды үнөмдөйт. Мисалы, Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттик Борбор Азиядагы жергиликтүү башкаруу Академиясын түзүүгө активдүү катышты. Бул мекеме муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн зарыл. Азыркы кезде Академия билим берүү жаатында ийгиликтүү иштеп, мамлекеттин бир тыйыны сарпталган жок”.

Ошондой эле Өнүктүрүү саясат институтунун төрайымы Надежда Добрецова белгилегендей, биргелешкен аракет жемиштүү жыйынтыктарды берүүдө: “ЖӨБ Союзу менен биргеликте биз мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкарууларды өнүктүрүү боюнча көп жардам беребиз. Коалицияны расмий түрдө негиздеп, Швейцариянын Өкмөтүнөн фианансылык колдоо таптык. Бул колдоо жалпыбыздын ишибиздин жыйынтыгын арттырат. Коалициянын өнөктөштөрү башкаруу системасына жардам зарыл болгон маселелер менен бирге, муниципалдык башкарууну жакшыртуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин жогорулатуу, жамааттарды колдоо боюнча жардамын уланта берет”.

Коалициядагы ар бир өнөктөш маанилүү иш аткарууда, ар бири адистигине байланыштуу салымын кошуп келет. Борбор Азиядагы жергиликтүү башкаруу Академиясынын директору Асель КУРМАНАЛИЕВАНЫН айтымында, аталган Академия жергиликтүү өнүктүрүү боюнча билим берүү борбору катары орду чоң:  “Академия жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган  билимди арттыруу жана жайылтуу максатында түзүлгөн. Академия муниципалдык кызматкерлердин, ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин квалицикациясын жогорулатып, жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана жергиликтүү активисттерди окутууга багытталган. Квалификацияны жогорулатуу курстарынан тышкары, биз дагы башка ийкемдүү окутуу жолдорун сунуштадык, мисалы, “теңме тең” тажрыйба алмашыуу платформасы, кзымат көрсөтүүлөр боюнча жер-жерлерде консультанттарды уюштуруу, депутат-аялдар клубу, “Муниципалитет” журналы. Миңдеген ЖӨБдүн өкүлдөрү, жергиликтүү коомчулук биздин тейлөөнү колдонууда, алардын саны өсүүдө”.  

Коалиция Координациялык кеңештин катышуучуларына келечектеги жолугушуударда  ири темаларды, көйгөйлөр менен маселелерди аныктоону сунуштады. Мисалы, таштанды чыгаруу тармагындагы жаңы мыйзамы, климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу жергиликтүү коомчулукту адаптациялоо, жергиликтүү жана регионалдык контекстен улам аялдардын трансформациясын колдоо, аймактык реформага байланыштуу муниципалдык кызматтын профессионалдуулугун жогорулатуу жана башкалар. Коалициянын Координациялык кеңешинин кийинки отуруму 2024-жылдын жаз мезгилине белгиленди.