Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгүнө биргелешкен мониторинг жана баалоо жөнүндө Типтүү жобонун долбоору талкууланды

28.09.2023 18:51
Талкуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан демилгеленди.
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгүнө биргелешкен мониторинг жана баалоо жөнүндө Типтүү жобонун долбоору талкууланды

2023-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосунда тегерек стол өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Агенттик жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө биргелешкен мониторинг жана баалоо жөнүндө Типтүү жобону1 колдонуу практикасын талкууга алып чыкты.

Талкууга Агенттиктин өкүлдөрү, коомдук уюмдардан мониторинг жана баалоо (МжБ) чөйрөсүндөгү эксперттер, ошондой эле аймактардан келген биргелешкен МжБ топторунун жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Типтүү жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар талкууланды.

Буга чейин, 2023-жылдын август айында аталган документ пилоттук аймактардагы Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрүнүн талкуусуна коюлган.  Анда катышуучулар ишиндеги жетишкендиктер менен бөлүшүп, ишти мындан да жакшыртуу боюнча өздөрүнүн сунуштарын узатышкан.

Нарын облсунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу катчысы Айжамал Табылды кызынын айтымында,  Баалоо тобуна активдүү айыл тургундары да киргендиктен айыл өкмөттүн ишинде ачык-айкындуулук жогорулады.

-Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору аркылуу айыл өкмөтүнүн ишин көзөмөлдөөгө алдык. Айыл өкмөтү маалыматты үстүртөн берип коюшу мүмкүн. Ал эми баалоо топторунун катышуучулары ичинен текшерип бейтарап маалымат бере алат. Мисалы, айыл өкмөтү курулуш иштерин кабыл алууда сметанын негизинде баалайт. Ал эми топтун катышуучулары кандай курулуш материалдар колдонулду, баасы сапатына туура келээрин да текшерет.

Ат-Башы айыл аймагында Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун түзүлгөнүнө 2 эле болду. Бул кыска аралыкта Баллоо топтун мүчөлөрү коомчулукта жакшы кадыр-барк топтоп, элдин оозуна алына башташты.

-Эң алдыңкы жетишкенибиз: айыл өкмөтү мамлекеттик сатып алуулар болобу же курулуш иштерин кабыл алабы, Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтун корутундусуна таянып кабыл алат. Топтун укуктары кеңейтилип, иши башка айыл аймактарга да жайылат деген ишенимдемин. Анткени Баалоо тобу – бул айыл коомунун көзү, кулагы десек болот, – деп, кошумчалады Айжамал Табылды кызы

Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору Өнүктүрүү саясат институтунун USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун негизинде өлкө боюнча пилоттук 38 айыл аймакта киргизилүүдө. Топтун 25% - жергиликтүү айыл өкмөт кызматкерлери болсо, 25% - жергиликтүү кеңештин өкүлдөрүнөн турат,  ал эми топтун 50%активдүү айыл тургундары түзөт. Баалоо топтун негизги максаты – жарандардын көзөмөлүн күчөтүү менен жергиликтүү бийликтин ишине ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту киргизүү болуп саналат.

-Биздин айылда 2 жылда көп нерсе өзгөрдү. Айылдагы мектептерди, бала бакчаларды, курулуштардын сапатын текшерүүгө укугубуз бар. Баалоо тобу айылдагы көйгөйлөрдү ачык айтууга шарт түздү, деп айта алам. Мен сунуштайт элем, баалоо топтун мүчөлөрүнүн мотивациялоо жагын караштырса жакшы болот эле. Бул бизге ишти мындан да сапаттуу жүргүзүүгө дем бермек, - деди Ысык-Көл облусунун Семеновка айыл аймагынын жооптуу катчысы Гүлжамал Нурбаева.

Бул жумушчу жолугушууда Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтордун ишин жакшыртуу боюнча көптөгөн сунуштар айтылды. Иштелип чыккан рекомендациялар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине жөнөтүлөт.

 

______________ 

[1] Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 буйругу менен бекитилген.