“Ынтымак Жумалыгы”: Кантип бейөкмөт уюмдары жергиликтүү бийликке тынчтыкты курууга жардам берүүдө

25.09.2023 16:03
Рэкетчилик, юристтердин жетишсиздиги, аймактарды кайра бөлүштүрүүдөгү чыр-чатактар...“Ынтымак Жумалыгында” катышуучуларды дагы кайсы маселелер кызыктырды?
“Ынтымак Жумалыгы”: Кантип бейөкмөт уюмдары  жергиликтүү бийликке тынчтыкты курууга жардам берүүдө

2023-жылдын 21-сентябрында “Ынтымак Жумалыгынын” алкагында Өнүктүрүү саясат институту International Alert[1] менен биргеликте “Күчтүү өз алдынча жергиликтүү башкаруу органдары региондордо кантип тычтыкты бекемдөөгө салымын кошууда?” аттуу сессия өткөрүштү. Анда жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Президент алдындагы башкаруу Академиясынын студенттери катышты.

Спикерлер:

  • Алтынай Бузурманкулова, Өнүктүрүү саясат институтунун долбоорлорунун менеджери;
  • Айпери Жанызакова, “Интернешнл Алерт” уюмунун долбоорлорунун менеджери
  • Индира Асейин, «Агергеч» уюмунун жетекчиси.

Во время сессии спикеры продемонстрировали инструменты и механизмы по укреплению мира в регионах, которые внедрили совместно с органами местного самоуправления в рамках реализации проекта «Ынтымактуу жашоо»[2]. 

Сессиянын жүрүшүндө спикерлер аймактарда тынчтык менен макулдукту бекемдөө боюнча жергиликтүү бийлик менен биргеликте “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун алкагында колдонулган реалдуу инструменттер жана механизмдерди тартуулашты.

“Жергиликтүү бийлик тычтыкты өнүктүрүүго багытталган инструменттер менен мехназимдерди так аткарса, конфликттерден арылса болот. Бул коомчулуктун муктаждыктарын биргеликте изилдөө, көйгөйлөрдү таап чыгууга жардам берет; жергиликтүү бюджет, тарифтерди бекитүү боюнча коомдук угууларды уюштуруу; Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыкканы жакшы жыйынтык берет. Эң ыңгайлуу 3-5 жылга багытталышшы керек», – деди Алтынай Бузурманкулова, Өнүктүрүү саясат институтунун долбоорлорунун менеджери.

Тынчтык куруу маселеи ири мүнөзгө ээ болгондуктан көп тараптуу катышууну талап кылат. Бардык милдеттерди жергиликтүү бийликтин мойнуна илип койгон туура эмес. Калк карасында тынчтык менен ынтымакты сактоодо бейөкмөт уюмдардын орду чоң.

«Ынтымактуу жашоо» долбоорун ишке ашырууда жергиликтүү бийлик, калк менен тыгыз кызматташтык. Окутуу жана тренинг маалымат жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн карама-каршы эмес эл менен бир катарга отургуздук. Бул элдин бийликке болгон мамилесин толугу менен өзгөртөт. Маселелерди талкуулап, абалдан чыгуунун жолун чогуу издешти. Мындан тышкары, Кыргызстандын аймактарынын медиаторлору үчүн окууларды уюштурдук. Долбоор аяктагандан кийин аймактарда чатактарды чечүүгө багтытталган медиация борборлору, медиаторлор пайда болду”, - деди  Айпери Жанызакова, “Интернешнл Алерт” уюмунун долбоорлорунун менеджери.

Сессия маалында катышуучулар суроолорун узатышып, азыркы тапта уланып аткан административдик-территориалдык реформа маселеси курч экени билинди.

«Адмнистративдик-аймактык реформа көп суроолорду жаратып атат. Ресурстарды кайра бөлүштүрүү тараптар арасында карама-каршылыкты жаратышы ыктымал. Бул сессияда чыр-чатактардан алдын алуу жолдорун билдим. Мындан тышкары, аймактарда юристтер жетишпейт. Аймактарда медиаторлорду окутуу боюнча долбоорлор мага абдан жакты», – деди Кубанычбек уулу Улук, Кыргыз Республикасынын Президент алдындагы башкаруу Академиясынын студенти.

«Мага жаккан жери, бейөкмөт уюмдар айылдык мектептерде рэкетчилик маселесин чечүүгө аракеттенип жатышат. Чоң шаарларда рэкетчиликтен алдын алуу боюнча көп иштер көрүлсө керек. Бирок айылдарда көңүлсүз калууда. Рэкетчилик болгон учурлар тууралуу баары ачык айтып чыга албайт. Анткени участкалык милиционер тууган-туушканы болуп, сыртка чыгарбай, жаап салышат. Айылдык окуучулар арасында коркутуу-үркүтүүлөрдү токтотууга маанис берилсе дейм», – деди Бегимай Кубанычбекова, Кыргыз Республикасынын Президент алдындагы башкаруу Академиясынын студенти.

Ынтымак Жумалыгы Кыргызстанда 18-22-сентябрда өткөрүлүп, тынчтык куруу тармагында иштеген уюмдар менен тараптардын башын бириктирди. Жумалык  – Кыргызстанда тынчтыкты жана ынтымакты сактоо тармагында аткарылган иштердин жыйынтыгын талкуулоо жана тажрыйба алмашууга аянтча болуп саналат.

“Ынтымак Жумалыгын” өткөрүү демилгесин жергиликтүү жана эл аралык уюмдар гана эмес КРнын Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров дагы колдогонун эске алсак, тынчтык куруу маселесине кызыгуу мындан ары да курчуп, аталган иш-чара жыл сайын өтүүчү мүнөзгө айланарына ишеним бар.

 

[1] https://www.international-alert.org/ru/locations/kyrgyzstan/

[2] «Ынтымактуу жашоо» («Жизнь в согласии») долбоору International Alert тарабынан «Өнүктүрүү саясат институту» (ӨСИ) жана Улуттук медиация борбору менен биргеликте 2021-жылдын апрелинен тарта 2022-жылдын декабрына чейин ишке ашырылды.  Кененирээк: https://dpi.kg/ru/activity/projects/full/0/104.html