“Муниципалитет” илимий-популярдуу журналынын жаңы басылмасы жарык көрдү

28.08.2023 15:09
Журнал ай сайын чыгарылат.
“Муниципалитет” илимий-популярдуу журналынын жаңы басылмасы жарык көрдү

“Муниципалитет” илимий-популярдуу журналынын 2023-жылдын август айындагы чыгарылышы жарык көрдү.

Журналдын бул чыгарылышында:

  • Жергиликтүү маанидеги маселелер деген эмне жана аны чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары кандай кыйынчылыктарга туш болууда;
  • Кантип муниципалдык менчикти башкарууда иж арадан түшкөн кирешени 40% жогорулатаса болот? Бир айылдык аймактын мисалында;
  • Эмне үчүн жергиликтүү бюджетти санариптештирүүдө ЖӨБ органдарынан каржы министрлигине чейин түз жол керек.

Мындан тышкары, журналдын жаңы санында Өнүктүрүү саясат институтунун долбоорлору аркылуу айылдык аймактарда калкка кызмат көрсөтүү тармагындагы өзгөрүүлөр менен тааныша аласыз. Мисалы, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында эки жылда 40 түрдүү жергиликтүү кызматтар уюштурулуп, 120 миң адамга тейлөө көрсөтүлүүдө.

Муниципалитет” журналына жазылуу же сатып алуу суроолору боюнча кийинки телефондорго кайрылсаңыз болот: 0770 771 130, 0500 324 945, 0550 324 945; Байланыш адамы: Гуляим Шамшидинова; e-mail: g.shamshidinova@lga.kg.

Маалымат үчүн: “Муниципалитет” журналынын негиздөөчүсү Өнүктүрүү саясат институту болуп саналат, азыркы кезде басылма Борбордук Азиядагы жергиликтүү башкаруу академиясы аркылуу чыгарылууда. Аталган басылма Кыргызстандагы жергиликтүү коомчулуктун жашоо деңгээлин жакшыртууга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган аналитикалык макалалардан, эксперттердин сунуштарынан жана мыйзамчыгаруучулук, жаңы тажрыйбалардын үлгүсүн камтыган жаңылыктардан турат.