Күн тартибинде – Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасынын долбоору

18.08.2023 12:15
Маалымат булагы: USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору
Күн тартибинде – Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасынын долбоору

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу менен биргеликте ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасынын долбоорун кеңири талкуу өткөрүүдө.

2023-жылдын 15-16-августунда Ош жана Жалал-Абад шаарларында жергиликтүү деңгээлдеги аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн, айыл өкмөт башчыларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын катышуусунда документти талкуулоо болуп өттү.

Ошондой эле, жолугушууларга Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин түштүк аймактар ​​аралык башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлдөрү катышты.

2023-2027-жылдарга жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасынын долбоорунун ушундай эле талкууларын Нарын жана Ысык-Көл облустарында өткөрүү пландалууда.

Документти талкуулоо Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун техникалык колдоосунда мүмкүн болду.