“Жергиликтүү Кеңештин депутат айымдары иш үстүндө” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

16.08.2023 15:56
Жеңүүчүлөр ноутбук, принтер белектерине ээ болушат.
“Жергиликтүү Кеңештин депутат айымдары иш үстүндө” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

“Жергиликтүү Кеңештин депутат айымдары иш үстүндө” аттуу сынактын жыйынтыгы чыгарылды. www.myktyaimak.gov.kg Порталында өткөн онлайн добуш берүүнүн негизинде 5 тажрыйба тандалды.

Биринчи орунду 522 добуш менен “Экономикалык укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү менен үй-бүлөлүк зомбулуктан алдын алуу” долбоору ээледи. Анын демилгечиси  Жалал-Абад облусунун Сары-Булуң айылынын депутаты Винара Эпеева.

“Эрте никеге туруу ден-соолукка зыян” Долбоору 466 добуш топтоп, экинчи орунга илинди. Анын демилгечиси Талас облусунун Кара-Суу айылынын депутаты Назгүл Курманалиева.

Үчүнчү орунду “Эркин Кыргызстан” аталышындагы №76-орто мектебинин чатырын алмаштыруу”боюнча долбоорду алды. Аны  Ош облусунун Нариман айылынын депутаты Гүлмайрам Жанболотова ишке ашырган.

Белгилей кетсек, “Жергиликтүү Кеңештин депутат айымдары иш үстүндө” аттуу сынакка добуш берүү www.myktyaimak.gov.kg Порталында 2023-жылдын 1-12 августта жүрүп, ага 19 жергиликтүү депутат айымдын иши добушка коюлган.

Жергиликтүү Кеңештин депутат айымдары иш үстүндө” аттуу сынагын Өнүктүрүү саясат институту ЮСАИДдин “Ийгиликтүү аймак 2” Долбоорунун алкагында Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы  (БАЖБА) менен биргеликте ишке ашырды.

Жеңүүчүлөр ноутбук, принтер белектерине ээ болушат. Кененирээк https://myktyaimak.gov.kg/single-news?lang=ru&id=485