“Ачык Бишкек” комитетинин 6 мүчөсү шайлынды

08.08.2023 17:10
“Ачык Бишкек” долбоорун Өнүктүрүү саясат институту менен Бишкек шаарын өнүктүрүү Агенттиги уюштурууда.
“Ачык Бишкек” комитетинин 6 мүчөсү шайлынды

Бүгүн, 2023-жылдын 8-августунда, Октябрь райондук администрациясынын отурум залында “Ачык Бишкек” долбоорунун алкагында мамлекеттик эмес уюмдар менен Бишкек мэриясынын өкүлдөрү жолугуу өткөрүштү. Аталган долбоор жергиликтүү бийлик жарандар менен биргеликте ачык-айкындуулук жана отчеттуулук механизмдерин киргизүү аянтчанын түзүлүшүн көздөйт.

“Негизинен комитеттин ишин биргеликте жүргүзүү пландалууда. Мында ачыктык, отчеттуулук жана пландалган иш-аракетти убагында аткаруу каралган. Бишкек мэриясы “Ачык Бишкек” демилгесин колдоп, жарандык коомдун ою маанилүү экенин көргөзүп жатат. Ошондой эле, мындан ары жарандык уюмдар менен кызматташууну күчөтө бермекчибиз, - деди Бишкек шаарын өнүктүрүү Агенттигинин башчысы Курманбек Молдокулов.  

“Ачык Бишкек” долбоорун Өнүктүрүү саясат институту менен Бишкек шаарын өнүктүрүү Агенттиги уюштурууда. Буга чейин “Ачык Бишкек” комитети түзүлөөрүн жана анын ичине теңме-тең Бишкек мэриясы менен жарандык коомдук өкүлдөрү кирээри маалымдалган. Бишкекти өнүктүрүүгө катышуу кызыкчылыгын жарандык сектордон 11 адам билдирген.

“Комитет өз алдынча башкаруу органдарын жана жарандык коомдун кызыкчылыгын талаша турган бирдей сандагы өкүлдөрдөн турат: ар бир тараптан үчтөн адам шайланат. Мындай тажрыйба көптөгөн өнүккөн шаарларда колдонулуп келет, жакшы жетишкендиктери бар, - деди Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү Азамат Мамытов.

Жарандык коомдун өкүлдөрү мындай комитеттин түзүлүшүн кубатташып, мэрияны жаңылык киргизүүдөн мурда коомчулук менен бөлүшүү, кеңешүүгө чакырышты.

Жыйындын соңунда катышуучулар “Ачык Бишкек” комитетинин 6 мүчөсүн тандашты. Алар:

Жарандык коомдун өкүлдөрү:

Гулжан Байбетова,“Аялдардын Демократиялык түйүнү” коомдук фондунун Төрайымы;
Адилат Сапарбаева, «Соопкер» коомдук фондунун Башчысы;
Дмитрий Переяславский, «Арча» коомдук уюмунун координатору.

Бишкек шаарынын мэриясынан өкүлдөрү:

Мирланбек Байгончоков, Бишкек шаарынын мэринин Биринчи орун басары;
Курманбек Молдокулов Токторович – Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу Агенттигинин Директору;
Кубанычбек Кудабаев,  Бишкек шаарынын экономика жана каржы бөүмүнүн жетекчиси.

Направления: