Кыргызстан боюнча жети облустун жергиликтүү депутаттары үчүн тренинг уюштурулду

01.08.2023 11:37
Ага өлкө боюнча жети облустун жергиликтүү депутаттары менен жооптуу катчылар катышты.
Кыргызстан боюнча жети облустун жергиликтүү депутаттары үчүн тренинг уюштурулду

Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) Ысык-Көл облусунун пансионаттарынын биринде “Жергиликтүү кеңештин ишинин уюштуруучулук жана укуктук маселелери” курсу боюнча эки күндүк тренинг уюштурду. Катышуучулар өз алдынча башкаруунун негиздерин үйрөнүштү.

Жегиликтүү кеңештин депутаттарынын айтымында, алар эл менен иштегендиктен, билимди ар дайым кеңейтип туруу зарыл. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздерин, финансылык-экономикалык чөйрөнү, бюджеттик процесске катышуу, укук жана этика сыяктуу талаптар көп. Бул курста жергиликтүү депутаттын ишине керектелүүчү билим жана көндүмдөрдү камтылды. 

Жергиликтүү кеңештин регламенти, ченем жаратуу техникасы, жергиликтүү кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын ишин пландаштыруу... Теориялык билим практикалык көнүгүүлөр менен бекемделип, катышуучулар топ-торго бөлүнүнүп, тапшырмаларды аткарышты.

“Биз бул курста бир ок менен 3-4 максаттарыбызга жеттик, деп айта алам. Биринчиден, депутаттар менен тажрыйба алмаштык, экинчиден, башка облустардын депутаттары менен тааныштык. Окуу менен бирге көл жээгинде эс алууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ушундай окуулар керектигине көзүм жетти. Депутаттар билимин жогорулатса, аткаруу бийлиги менен иш натыйжалуу жүрөт экен”, - деди Баткен облусунун Кызыл-Кыштак айылдык Кеңешинин төрагасы Куштарбек Машрапов.

Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы – муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууга багытталган окуу жайы.

Өнүктүрүү саясат институту – Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

 

 

Направления: