“Экономика бардыгы үчүн” ишембилик мектебинин 20дан ашуун журналисттерге жана активисттерге сертификаттар тапшырылды

28.07.2023 18:54
Мектептин катышуучулары эки ай бою ар ишемби сайын окуудан өтүп, санариптештирүү, аялдардын ишкерчилиги, инвестициялык долбоорлор сыяктуу темалар боюнча сабак алышты.
“Экономика бардыгы үчүн” ишембилик мектебинин 20дан ашуун журналисттерге жана активисттерге сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 2023-жылдын 28-июлунда “Экономика бардыгы үчүн” ишембилик мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды. Белгилей кетсек, ишембилик мектептин Өнүктүрүү саясат институту менен Бизнес ассоциациялардын улуттук альянсы уюштурду. 

“Жалпысынан ишембилик мектебинде экономикалык маселелерге арналган 8 сабак уюштурулду. Ар бир тема боюнча тажрыйбалуу тренер-эксперт чакырылды. Алар жөн гана лекция эмес, маалыматты анализдөөнүн, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун үйрөнүштү. Бул жагынан алганда семинар-тренинг теориялык-практикалык жактан пайдалуу болду”, - деди Өнүктүрүү саясат институтунун долбоорунун менеджери Алтынай Бузурманкулова.

Ишембилик мектепте 20дан ашуун адам окууга катышты. Бирок анын активдүүлөрүнө гана сертификаттар тапшырылды.

“Мага окуунун темалары жана анын спикерлери жакты. Бир каганда, экономикалык маселелерди чагылдыруу кыйын, бирок бул тренингден көлөмдүү жана таатаал маалыматты талдоонун жол-жобосун билдим. Коомго жеткире турган темалар көп, идеялар арбын. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдө пост, макала жазып жатам”, - деди журналист жана блоггер Жамиля Атыканова.

“Экономика бардыгы үчүн” ишембилик мектеби Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланып, ACTED уюмунун колдоосу менен ишке ашырылды. Долбоордун негизги максаты жергиликтүү маселелерди чечүүдө бийлик органдарынын отчеттуулугун күчөтүп, жарандык коомдун жигердигин арттыруу болуп саналат.