Өнүктүрүү саясат институту Бишкек мэриясы менен биргеликте жергиликтүү бийликке ачык-айкындуулук механизмдерин киргизүүдө

27.07.2023 10:57
“Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу Агенттиги “Ачык жергиликтүү башкаруу” долбоорунун алкагында кызыкдар таратптарды кызматташууга чакырат
Өнүктүрүү саясат институту Бишкек мэриясы менен биргеликте жергиликтүү бийликке ачык-айкындуулук механизмдерин киргизүүдө

“Ачык жергиликтүү башкаруу” Демилгеси – бул эл аралык платформа болуп саналат. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандар менен биргеликте ачык-айкындуулук жана коом алдындагы отчеттуулук боюнча ойлорун иштеп чыгып, тажрыйба алмашат. Бишкек мэриясы аталган демилгеге кошулуп, жарандык коомдун уюмдары менен “Ачык Бишкек” Комитетинин планын иштеп чыгуу ниетин билдирди.

“Ачык Бишкек” Комитети – жумушчу органы түзүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана Бишкектин жарандык коомчулуктун кызыкчылыктарын билдирип турат. Бишкек мэриясынан 3 өкүл жана жарандык коомдун атынан 3 өкүл шайланат.

“Ачык Бишкек” Комитетин түптөө жана ишмердигин жүргүзүүгө кызыксаңыз төмөнкү талаптарды аткарыңыз:

  1. “Ачык Бишкек” Демилгесине кошулуунун Декларациясы менен таанышып чыгыңыз, бул тиркемеге өтүңүз  
  2. Демилгенин Декларациясынын маңызына макул болсоңуз, онлайн-каттоодон өтүңүз https://forms.gle/quL49tm1fDNziMyt7

Катталуунун мөөнөтү 2023-жылдын 26-июлдан 4-августка чейин созулат.

Катталган жарандар 2023-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук муниципалдык администрациясында өтүүчү уюштуруучулук жолугушууга чакырылат. Дареги: Абдрахманов көчөсү 97 (Медеров көчөсү менен кесилишет).

Чакыруу баракчасы каттоодо көрсөтүлгоң электрондук почтага жөнөтүлөт. Кененирээк маалымат боюнча Азамат Мамытовго кайрылсаңыз болот: тел. 0770 77 14, AMamytov@dpi.kg