Өнүктүрүү саясат интституту бейөкмөт уюмдардын Кыргызстанга кошкон салымын изилдөөдө

25.07.2023 16:17
Изилдөөлөргө чынында иштеп жаткан бейөкмөт уюмдар катышты.
Өнүктүрүү саясат интституту бейөкмөт уюмдардын Кыргызстанга кошкон салымын изилдөөдө

2023-жылдын 3нөн 19-июлга чейин Өнүктүрүү саясат институнун жыйындар залында “Бейөкмөт уюмдарынын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы” боюнча долбоорунун аклагында бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган беш фокус-топ уюштурулду. Аталган долбоорду USAID каржылап, FHI 360 “Жигердүү жарандар” программасы тарабынан колдоого алынды. Долбоордун операциялык менеджери Алтынай Бузурманкулованын айтымында, буга чейин фокус-топтордон тышкары мамлекеттик эмес уюмдар жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен интервьюлар уюштурулду.

“Жолугушууларда бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик органдардын иш алып баруусу жана алардын укуктук иштөө негиздерине арналган маселелер талкууланды. Ошондой эле уюмдардын максаттары, миссиясы, анын ишинен пайда көрүүчүлөр, ийгиликтүү тажрыйбалар жана кыйынчылыктар тууралуу суроолор берилди. Мамлекеттик эмес уюмдардын ишине кайсы факторлор жардам берүүдө, кайсынысы тоскоолдук жараткандыгы изилденди. Катышуучулар Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымы менен ой бөлүшүштү”, - деди Алтынай Бузурманкулова.

Изилдөөлөргө чынында иштеп жаткан бейөкмөт уюмдар катышты. Алар маалымат алуу мүмкүнчүлүгү, экономикалык коопсуздук, экология, социалдык чөйрө, билим берүү жана гендердик социалдык интеграция чөйрөсүндө иш алып барышат.

“Фокус-топтордон кайтырым маалымат алууга үлгүрдүк. Бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү изилдөөнүн темасына кызыгуусун билдиришип, суроолорго жигердүү жооп беришти. Мамлекеттик эмес тармактын тийгизген пайдасын билүү максатында, катышуучулар изилдөөлөрдүн алдын ала чыга турган жыйынтыктарын талкуулоого катышуу ниетин билдиришти”, - деп, кошумчалады Алтынай Бузурманкулова.

“Бейөкмөт уюмдарынын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы” боюнча долбоордун алгачкы жыйынтыктары эксперттер тарабынан тастыкталып, андан соң мамлекеттик органдарга, көмөктөштөргө жана жалпы аудиторияга тартууланат. Анын расмий бетачаары ушул жылдын ноябрь айына пландалууда.

Направления: