Жалал-Абад облусунун эки районунун ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү өз ара тажрыйба алмашышты

17.03.2023 01:02
Иш-чара Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы тарабынан USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун колдоосунда уюштурулду.
Жалал-Абад облусунун эки районунун ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү өз ара тажрыйба алмашышты

2023-жылдын 16-мартында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылдык аймагында «Теӊге-теӊ» принциби[1] боюнча тажрыйба алмашуу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты практикаларынын мисалдары менен жеринен таанышышты.

Аталган эки райондун айыл өкмөт башчылары жана шаар мэрлеринин, жергиликтүү кеӊештердин төрагалары жана Кеңешчилердин улуттук тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн бул тажрыйба алмашуу сапары «Теӊге-теӊ» принциби боюнча өз ара окутуу платформасынын алкагында Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) тарабынан USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун колдоосунда уюштурулду.

“Теңге-тең” же P2P платформасы ЖӨБ органдарына бетме-бет жолугушуп, бири-биринен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү багытында ишке ашырылган мыкты тажрыйбаларды чогуу үйрөнүүгө жана бөлүшүүгө багытталат. Бул ыкманын өзгөчөлүгү – мында ЖӨБ органдарынын кызматкерлери үчүн алардын кесиптештери – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери машыктыруучу болот. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара окутуу платформасын түзүү демилгесин 2020-жылдын башында КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу көтөрүп чыккан, - деди Данияр Астаров, «Теӊге-теӊ» өз ара окутуу платформасынын координатору.

Тажрыйба алмашуунун жүрүшүндө катышуучулар Кеӊеш айыл өкмөтүндө катуу тиричилик калдыктарын (КТТ) чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу (муниципалитет аралык кызмат көрсөтүү), Базар-Коргон шаарынын «Бирдиктүү терезе» тутуму боюнча администрациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана Акман айыл өкмөтүндө ичүүчү таза суу менен камсыздоо кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу багытындагы мыкты тажрыйбалары менен таанышышты. Мындан сырткары катышуучуларга Интернет саясаттын жарандык демилгесинин «Оймо-Биллинг» тиркемеси (мультифункционалдык техникалык чечим), БАЖБАнын алкагындагы Улуттук тармагынын кеӊешчисинин ЖӨБО үчүн кеӊеш берүү кызматтарын көрсөтүү тажрыйбасы жана бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттер жана бюджеттик ссудалар боюнча усулдук көрсөтмөлөр тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ушундай эле тажрыйба алмашуу иш-чаралары март айында Ош (Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун), Нарын (Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунун) жана Ысык-Көл (Ысык-Көл жана Түп райондорунун) облустарынын үч айылдык аймагында да өткөрүлөт.

Тажрыйба алмашуу иш-чарасынан видеоархивине шилтеме: https://www.facebook.com/myktyaimak.gov.kg 

_______________ 

[1] “Теңге-тең” же P2P платформасы тууралуу кененирээк: http://municipalitet.kg/ky/article/full/2910.html