Борбор Азиялык этногендердик контекстте элет жамааттарында аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча иш-аракеттердин өзгөчөлүктөрү

14.03.2023 10:57
Өнүктүрүү саясат институту БШКнын жана эксперттик коомчулуктун катышуусунда аялдардын экономикалык жана саясий укуктарын кеңейтүүнү колдоо боюнча мындан аркы чаралар боюнча сунуштарды тартуулады.
Борбор Азиялык этногендердик контекстте элет жамааттарында аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча иш-аракеттердин өзгөчөлүктөрү

2023-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында “Борбор азиялык гендердик контекстте элет жамааттарында аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча иш-аракеттердин өзгөчөлүктөрү” деген аталышта иш-чара өттү. Иш-чарага БШК төрайымы, КР ЖӨБ Союзунун директору жана бул чөйрөдө иш алып барган уюмдардын жетекчилери жана эксперттер катышып, анын жүрүшүндө Борбордук Азия Университетинин колдоосунда Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) Кыргызстандын беш аймагында өткөргөн изилдөөлөрдүн алгачкы натыйжалары тартууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга:

  • Россия илимдер академиясынын Н. Н. Миклухо-Маклай атындагы Этнология жана антропология институнун улук илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Наталья ШАЛЫГИНА “Этногендердик аймактык контекст аялдардын укуктарын кеңейтүүнүн фактору катары” темасын (онлайн),
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана гендер маселелери боюнча эксперт Анара МУСАЕВА “Кыргыз Республикасындагы этногендердик контекстти эске алуу менен айылдык жамааттардагы аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү ыкмаларын изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктары” темасын,
  • Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА “Шайлоо циклинин ортосунда 30% квотаны колдоо сунуштары” темасын тартуулашты.

Презентациялар тартууланып бүткөн соң, катышуучулар темалар боюнча өз пикирлерин билдирип, жергиликтүү каада-салтка, менталитетке жана коомдогу стереотиптерди эске алып, өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары менен андан ары иш алып баруу ыкмаларын сунушташты.

Надежда Добрецова ӨСИ 2024-2025-жылдары Кыргызстанда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө карата аялдарды даярдоо багытында өз иш-аракеттерин уланта беришин айтып өтүп, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековага колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул кайрылууга БШК төрайымы оң жообун берип, мыйзам чегинде мүмкүн болгон колдоо көрсөтүлөөрү жана иш-чараларга катышууга даяр экендигин билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгынын негизинде жергиликтүү кеңештерге аялдардын катышуусуна мындан аркы колдоо көрсөтүү, анын ичинде алардын салымын баалоо, болочок талапкерлерди мотивациялоо чаралары, буга чейин шайланган аял депутаттарды колдоо боюнча иштер пландаштырылды.