ӨСИ Башкаруусунун Мүчөсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак грамотасы менен сыйланды

15.02.2023 09:21
Негизги маалымат булагы: https://www.gov.kg
ӨСИ Башкаруусунун Мүчөсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак грамотасы менен сыйланды

2023-жылдын 14-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан ишмердүүлүктүн ар кандай чөйрөсүндөгү кызматкерлерге кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткаргандыгы, ишмердүүлүгүндө жогорку натыйжаларга жетишкендиги, Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн жана экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн бир катар сыйлыктарды тапшырды.

Аталган расмий аземдин катышуучуларынын катарында Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруусунун Мүчөсү БЕКИЕВ БЕКБОЛОТ да Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

ӨСИнин жалпы жамааты Бекболот мырзага чың ден соолук, кажыбас кайрат жана көптөгөн ийгиликтерди каалайт!