Муниципалитеттер гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания алкагында үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтышты

12.12.2022 12:48
Байланыш маалыматы: Турар Бекболотов, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун Коомчулук менен байланыш боюнча адиси, тел.: +996 770 210555, tbekbolotov@gmail.com
Муниципалитеттер гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания алкагында үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтышты

12-ДЕКАБРЬ, 2022 – Кыргыз Республикасынын 21 муниципалитетинде гендердик зомбулукка каршы күрөшүүгө арналган маданий иш-чаралар өтүп, ага 1000ден ашык адам катышты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектеп окуучуларынын арасында сүрөт сынактарын жарыялап, үй-бүлөлүк зомбулукка арналган театралдаштырылган оюн-зоокторду уюштурушту.

Иш-чаралар Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк глобалдык кампаниянын алкагында USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоору тарабынан колдоого алынып, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын максаттуу муниципалитеттери менен биргеликте уюштурулду.

“Менин үй-бүлөмдүн бактылуу көз ирмемдери” аталыштагы сүрөт сынактары катышуучуларды үй-бүлөдөгү эң жагымдуу элестерди бөлүшүүгө жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтууга салым кошууга үндөдү. Сынактын жеңүүчүлөрү күжүрмөн эмгеги, үй-бүлөлүк баалуулуктарды арттыруу жана зомбулукка каршы үнү үчүн байгелер менен сыйланышты.

Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы катышуучулар үй-бүлөлүк темадагы «Шабдалы гүлү» спектаклин көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты (автору маданиятка эмгек сиңирген ишмер, режиссер-драматург Жумабек Осмонов). Спектаклде адамдардын өз-ара мамилеси кам көрүлбөсө оңой эле күбүлүп түшкөн шабдалынын назик гүлүнө салыштырылат. Театр оюнунда адамгерчилик, адамдар менен муундардын ортосундагы мамиле жөнүндө да чагылдырылат.

Иш-чаранын бирине катышкан USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кайя Адамс: «Үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу жана зомбулуктун бардык түрлөрүн, өзгөчө аялдарга жана кыздарга карата болгон зомбулукту жоюу жөнүндө элдин арасында ойду калыптандыруу аркылуу коомдун жашоосун жакшырта алабыз” – деп белгиледи.

«Биз бул дүйнөнү жакшыртууга жана жаркын келечек курууга аракет жасашыбыз керек. Бул максатка биз бириккенде жана чогуу иш-алып барганда гана жете алабыз!» – деди өнөктөш муниципалитеттердин бири Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Тиллабаев Жылдызбек мырза.

Муниципалитеттер ошондой эле 16 күндүк кампаниянын тарыхы, анын максаттары, зордук-зомбулуктун түрлөрү жана жабырлануучулар жардамга муктаж болгон учурда кайда бара ала тургандыгы тууралуу элге маалымат берүү үчүн жасалган плакаттарды илип, кызгылт сары (кампаниянын түсү) түстөгү силикон билериктерди таратышты.

# # #

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору – Өнүктүрүү саясат институту тарабынан Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында ишке ашырылып жаткан төрт жылдык программа. Ал ЖӨБ органдары көрсөтүүчү жергиликтүү кызматтардын сапатын жогорулатуунун эсебинен 50 муниципалитетте жарандардын бакубатчылыгын жакшыртууга багытталган. Төмөнкү шилтемеден көбүрөөк маалымат алсаңыз болот: www.fb.com/SA2Project.