Көп тараптуу муниципалитеттер аралык кызматташтык

21.06.2022 18:08
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш маалыматы: abdyrakhman.sulaimanov@helvetas.org
Көп тараптуу муниципалитеттер аралык кызматташтык

Швейцария Өкмөтү каржылаган Хельветас жана Өнүктүрүү Саясат Институту тарабынан ишке ашырылган «Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун муниципалитеттер аралык кызматташтыктын алкагында калкты ичуучу таза суу менен камсыздоо, катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, айылдагы ички муниципалдык  жолдорду техникалык жактан ондоо-түзөө кызматтарын жакшыртуу үчүн Кетмен-Дөбө жана Чолпон-Ата айыл өкмөттөрүнүн муниципалиттер аралык кызматташуу (МАК) боюнча аракеттер планы ишке ашырылууда.

Кетмен-Дөбө жана Чолпон-Ата АА аталган долбоорго муниципалитеттер аралык кызматташууга пилоттук муниципалитеттер катары тандалып, 2019-жылдын апрель айында Меморандумга кол койгон. Долбоор тарабынан өткөрүлгөн семинар-тренингдер аталган айыл өкмөт кызматкерлеринин жана МИнын кызматкерлеринин дараметтерин жогорулатуу менен муниципалитеттер аралык кызматташууга өбөлгө түздү.

Артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо үчүн Кетмен-Дөбө жана Чолпон-Ата айыл аймактарында аярлуу топтун катышуусу менен фокус топтор өткөрүлдү. Аныкталган көйгөйлөр жалпы жыйында тургундар, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жергиликтүү лидерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды. Жыйынтыгында ПСЭРге өзгөртүү киргизилип, аныкталган көйгөйгө кызматтарды жакшыртуу аракет планын (КЖАП) иштеп чыгууга жумушчу топ түзүлгөн, Жыйынтыгында эки айыл аймак аталган документ иштелип чыгып биргеликте Гранттык конкурска катышып 5 000 000  сом грант утуп алышкан. Аны менен бирге 2 250 000 сом өлчөмүндө өздүк салым кошуп, жалпы 7 250 000 сомдук КЖАП иш жүзүнө ашырышты.

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Таза аймак» муниципалдык ишканасынын иш кагаздары жаңыланып түзүлдү.

Өзгөчө калктын аярлуу катмарынын катышуусунда фокус топтор уюштурулуп, катуу тиричилик таштандыларынын (КТТ) тариф эсептөөлөрү түшүндүрүлүп, туруктуу кызмат уюштурулганы талкууланды. Андан кийин жалпы коомдук угууда каралып, чогулушта кабыл алынган тариф жөнүндө протокол түзүлүп, АК депутаттарынан бекитилди. Кетмен-Дөбө ААнын айылдарындагы ар бир кожолук үчүн 78 сом,  ал эми Чолпон-Ата ААнын айылдары учун 100 сом деп айылдык кеңештин сессиясында чечилди.

Ошону менен бирге кызмат көрсөтүүчүнүн материалдык базасын чыңдоодо, ишин уюштурууда, жумушчу шаймандарды жана техникаларын койгонго гараж уюштурулду. Муниципалдык ишканага өзүнчө 1 бөлмө айыл өкмөттүн имаратынан берилди. Эксперттин жардамы менен «Таза аймак» муниципалдык ишканасынын мүлкүнүн бирдиктуу реестри түзүлүп, аммортизациялык чегерүүлөр бөлүнүп атайын өзүнчө счет банктан ачылды.

Мындан сырткары, маалымат долбоор тарабынан каралган каражатка свалка болгон жер тазаланып, жарыктандыруу, скамейкалар орнотулгандан соң, Кетмен-Дөбө АО аталган долбоордун маалымат кампаниясы боюнча конкурсуна катышып 35400 сом өлчөмүндөгү товардык байгени утуп алышты.

Семинар тренингдердин жардамы менен айыл айматктын кызматкерлери МАК КЖАП жазуу ыкмасын үйрөнүшту. Финансы министрлигинин сайтындагы Жарандык бюджет боюнча маалыматтарды колдонуп коомдук угууларды өткөрүүнү, элдин маалыматтуулугун өстүрүүнү колго алышты. Мындан сырткары, социалдык жана гендердик сезимтал принциптерди камтыган социалдык экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгып, Чолпон-Ата айыл өкмөтү Жалал-Абад облусу боюнча 1-орунга ээ болду.

2022-жылдын май айынан баштап муниципалитеттер аралык кызматташтык боюнча кызматтар Кетмен-Дөбөдө, ал эми июнь айынан баштап Чолпон-Ата ААда көрсөтүлө баштады.