«Ынтымактуу жашоо» долбоору Бишкекте «Коопсуз короо» кичи долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөттү

10.03.2022 10:01
ЖМКлар үчүн байланыш маалыматы: Нургүл Жаманкулова, маалыматтык саясат боюнча адис, ӨСИ, +996 770 771-711, +996 555/500 313-385, e-mail: njamankulova@dpi.kg
«Ынтымактуу жашоо» долбоору Бишкекте «Коопсуз короо» кичи долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөттү

2022-жылдын март айынын башында Бишкек шаарынын №1 муниципалдык аймактык башкармалыгы[1] «Ынтымактуу жашоо» долбоорунун[2] алкагында бөлүнгөн гранттык каражаттардын эсебинен «Коопсуз короо» кичи долбоорун ишке ашырган - 2 көп кабаттуу турак-жайдын кире бериш жерлерине 8 видеокамера орнотулду. Кыргызстандагы “Ынтымактуу жашоо” долбоору “International Alert” эл аралык уюму тарабынан Улуттук медиация борбору жана Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте Европа биримдигинин каржылык колдоосунда ишке ашырылууда.

"Биздин корообуз Бишкектеги Ош базарынын жанында жайгашкандыктан уламбы, айтор, бизде уурулук жогору - ай сайын батирлерден тиричилик техникасын, уюлдук телефондорду, короодо токтоп турган унаалардын дөңгөлөктөрүн, шейшептерди, килемдерди уурдоо фактылары катталды. Эми видеокөзөмөл камералары орнотулгандан кийин, уурулук такыр эле токтобосо да, алда канча азаят деген үмүттөбүз. Арадан 3 күнгө жетпеген убакыт өттү, бирок жашоочулар да өздөрүн башкача алып жүрө баштады, анткени азыр алар көзгө көрүнүп калганын түшүнүшөт. Мен Бишкек шаарындагы Европа Биримдигинин “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун пилоттук “аралына” айланганыбызга сыймыктанам – башка бир дагы ТЖЭШте азырынча камера жок”, - деди кичи долбоордун жетекчиси, Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин төрагасы Орозалиев Жумалы. 

Ж.Орозалиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин уурулук фактыларынын алдын алуу жана ушул багытта бир катар иш-чаралар пландалууда. Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн биргелешкен аракети менен жалпы чогулуш өткөрүүнү, жаштар арасында ыктыярдуу элдик дружинаны (ДНД) уюштурууну, анын курамын жана нөөмөт тартибин бекитүүнү пландаштырууда. Мунун баары алардын “Коопсуз короо” кичи долбоорунун алкагында ишке ашат.

«Уурулук боюнча шектенүүлөр ар кимдин өзүнө жана ар бир адамга түшүп, бул тургундардын ортосунда чыр-чатакка алып келет. Бул “Коопсуз короо” кичи долбоору дал ушул маселени чечүүгө багытталган. Долбоордун планына ылайык, азыр ар бир подъезддин жанына жана ичине видеокөзөмөл камералары орнотулуп, башкы монитор үй комитетинин батиринде жайгашып, арыз ээси катары ТЖЭШ чыкты, - дейт «Ынтымактуу жашоо» долбоорунун грант боюнча адиси Султан Майрамбеков. 

«Коопсуз короо» кичи долбоорунун жалпы суммасы 159 миң сомду түзсө, анын 144 миң сому «Ынтымактуу жашоо» долбоорунун гранттык каражаты, 15 миң сому жергиликтүү коомчулуктун салымы. Түз бенефициарлардын жалпы саны 600 жергиликтүү тургун болду.

ЖМКлар үчүн байланыш маалыматы: Нургүл Жаманкулова, маалыматтык саясат боюнча адис, ӨСИ, +996 770 771-711, +996 555/500 313-385, e-mail: njamankulova@dpi.kg

__________

[1] №1 МАБ Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан, жалпы калкынын саны 36 003 адамды түзгөн Ленин районунун 6 аймактык башкармалыктарынын бири (анын ичинен аялдар – 47%, эркектер – 53%). №1 МАБдын базасында 12 кварталдык комитет, 49 үй комитети, 81 АА, 2 аксакалдар соту, 1 ардагерлер кеңеши иштейт.

[2] “International Alert” уюму Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук медиация борбору менен биргеликте Кыргызстанда социалдык чыр-чатактарды алдын алууда, укук тартибин сактоодо жигердүү жаштарга, жарандык коомго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандын тандалып алынган 25 жеринде медиациянын көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн аянтча түзүүнүн үстүнөн иш алып барууда. Кененирээк маалымат алуу үчүн: www.international-alert.org www.international-alert.org