Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү тынчтык демилгелерин колдошот

14.02.2022 08:50
ЖМК байланыш маалыматы: Нургүл Жаманкулова, Долбоордун коммуникациялар боюнча адиси, +996 770 771-711, +996 555/500 313-385, e-mail: njamankulova@dpi.kg
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү тынчтык демилгелерин колдошот

2022-жылдын 11-февралында Бишкек шаарында «Жергиликтүү демилге тынчтыкты сактоо жана чыр-чатактарды жөнгө салуу үчүн жергиликтүү маселелерди чечүүгө жарандарды, анын ичинде аялдарды жана жаштарды тартуунун куралы катары» деген темада тренинг өттү.

Тренинг “International Alert” командасы Улуттук медиация борбору жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) менен өнөктөштүктө Европа Бирлигинин[1] колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Ынтымактуу Жашоо” долбоорунун алкагында уюштурулду. Тренингдин катышуучулары Балыкчы жана Таш-Көмүр шаарларынын; Сумбула, Каргалык, Кара-Буура, Ленин (Алай), Ленин (Аламүдүн) жана Курама айыл аймактарынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү болушту.

«Тренингдин катышуучулары - ЖӨБЭММАнын (азыр - МКЖӨБМА) буйругу менен 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 01-18 / 84[2] бекитилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө Типтүү жобону ишке ашыруу аркылуу чыр-чатактарды жөнгө салууга катышууга даярдыгын билдирген сегиз муниципалитеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү. Аталган ЖӨБ органдары 2022-жылдын январында жергиликтүү жарандык коомду мобилизациялоо жана чыр-чатактын эрте алдын алуу боюнча биргелешкен эффективдүү инклюзивдик чараларды иштеп чыгуу жана жергиликтүү жамааттардын кеңири чөйрөсүн чыр-чатактарды талдоо көндүмдөрүн үйрөтүү максатында «Ынтымактуу жашоо» долбоорунан гранттык каражаттарды алышкан. Тактап айтканда, жергиликтүү демилгелерди колдоо менен алар: үй-бүлөлүк чыр-чатактарды, жаштардын жана мектеп окуучуларынын ортосундагы чыр-чатактарды алдын алуу, ресурстук чыр-чатактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү коомчулуктун ортосундагы чыр-чатактарды алдын алуу сыяктуу локалдык конфликттерди чечүүнү пландаштырууда, - дейт Өнүктүрүү саясат институтунун тренери Айнура Балакунова. 

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар «Жергиликтүү демилге» деген эмне, Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү демилгелердин мыйзамдык негиздери, жергиликтүү демилгелерди тандоону жана каржылоону уюштуруунун жол-жоболору жана бул процессте коммуникациялардын ролу тууралуу маалымат алышты. Окуунун жыйынтыктоочу натыйжасы болуп ишке ашыруу пландарынын долбоорлору болду. Пландарга ылайык, тандалып алынган жергиликтүү демилгелерди тандоо жана ишке ашырууга байланышкан бардык иш-чаралар ушул жылдын июль айынын аягына чейин бүткөрүлүшү керек.

 

___________

[1] “International Alert” уюму Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук медиация борбору менен биргеликте Кыргызстанда социалдык чыр-чатактарды алдын алууда, укук тартибин сактоодо жигердүү жаштарга, жарандык коомго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандын тандалып алынган 25 жеринде медиациянын көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн аянтча түзүүнүн үстүнөн иш алып барууда. Кененирээк маалымат алуу үчүн: www.international-alert.org 

[2] Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө Типтүү жобо ЖӨБЭММАнын буйругу менен 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 01-18 / 84 бекитилген.