Медиа сабаттуулук: кечээ жана бүгүн

30.11.2021 19:24
Бүгүн, 2021-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында, Чүй облусунун беш муниципалитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн медиа сабаттуулук боюнча тренинг өттү.
Медиа сабаттуулук: кечээ жана бүгүн

2021-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун медиа, маалыматтык жана санариптик сабаттуулугу” деген темада тренинг өтүүдө. Ага Чүй облусунун беш муниципалитетинин: Кочкорбаев, Садовский, Александровка жана Ленин айыл аймактарынын жана Кара-Балта шаарынын өкүлдөрү катышууда.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына медиа сабаттуулук эмне үчүн керек? Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү коомчулукта тынчтыкты жана бейпилдикти сактоого кызыкдар. Бирок көпчүлүк учурда негизсиз кыжырдануунун, жасалма чыр-чатактын себепкери -  такталбаган маалыматтар, ушак-айың кептер, анын ичинде интернет аркылуу коомдук тармактарда таркаган маалымат болот. Ошондуктан ЖӨБ органдарынын кызматкерлери интернеттеги маалыматты башкаруу боюнча билимге муктаж. Биз бул муктаждыкты байкагандыктан, бүгүн биз пилоттук демилгенин алкагында бул темада тренинг өткөрүп жатабыз”, - дейт “Дезинформацияга каршылык көрсөтүүнү күчөтүү” долбоорунун жетекчиси Айнура Балакунова.

Алмаз Исманов, медиа-эксперт, Prevention Media сайтынын негиздөөчүсү жана башкы редактору https://prevention.kg тренер катары чакырылды

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга “медиа ашканасы” (дезинформация, медиа гигиенасы, социалдык медиа жана социалдык тармактардагы этикалык жүрүм-турум кодекси), санариптик коопсуздук, анын ичинде маалыматтарды коргоо тууралуу маалымат берилет.

Тренингдин практикалык бөлүгү катышуучуларга социалдык тармактарда өздөрүнүн жеке маалыматтары менен иштөөнү жана алган билиминин негизинде постторду даярдоону карайт.

Тренинг «Дезинформацияга туруктуулукту күчөтүү» долбоорунун алкагында, Казакстандын Жарандык Коомду өнүктүрүү Ассоциациясынын каржылык колдоосу менен «Өзгөртүү үчүн инновациялар» (# I4C) демилгесинин астында өткөрүлүүдө. Долбоордун максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жана жергиликтүү медиа сабаттуу жамааттардын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу аркылуу Интернеттеги так эмес маалыматка каршы стратегияны ишке ашырууга көмөктөшүү.