Тынчтыкты сактоо жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн жарандык коом уюмдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күч-аракеттерин бириктирүүдө

22.11.2021 09:42
Медиа үчүн байланыштар: Нургуль Жаманкулова, ӨСИнин маалыматтык саясат боюнча адиси, +996 770 771-711, +996 555 / 500 313-385, e-mail: njamankulova@dpi.kg
Тынчтыкты сактоо жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн жарандык коом уюмдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күч-аракеттерин бириктирүүдө

Социалдык чыр-чатактарды алдын алуу боюнча жигердүү жаштардын, жарандык коомдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) демилгелерин аныктап, аларды колдоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагында 2021-жылдын 10-октябрынан 10-ноябрына чейинки мезгил аралыгында үч күндүк тренингдер өткөрүлдү. Жарандык коом уюмдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү болуп катышуучулардын жалпы саны 250дөн ашык адамды түздү.

Тренингдер Улуттук медиация борбору жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) менен өнөктөштүктө Европа Биримдигинин колдоосу менен “International Alert” командасы ишке ашырган “Ынтымактуу Жашоо” долбоорунун алкагында өткөрүлдү[1].

Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар чыр-чатактарды жөнгө салуу жана алардын келип чыгышын талдоо, укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы ЖӨБ органдарынын милдеттеринин жана функцияларынын максаттарын талкуулашты, ЖӨБдүн аткаруу органынын жана жергиликтүү кеңештин компетенцияларын, тынчтыкты кармоо боюнча ЖӨБдүн, жарандык коомдун жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүү механизмдерин аныкташты. Алар жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоону (ЖМБА), инклюзивдүү пландоону, жергиликтүү демилгени жана мамлекеттик социалдык заказды жамааттын катышуусун жана кызыкчылыктарынын эске алышын камсыз кылуунун аспабы катары тандап алышты.

“ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жамааттагы чыр-чатактын деңгээли үчүн өздөрүнүн жоопкерчилигин сезип, ар дайым шаардын же айылдын аймагында тынчтык жана бейпилдик болушуна умтулушат. Бирок көп учурда алар башталып келаткан чыр-чатакты кантип аныктап, анын алдын алууга боло турганын билишпейт. Ошондуктан, тренинг ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн дал ушул багытта баалуу болду: катышуучулар чыр-чатакты жөнгө салуу жана анын алдын алуу боюнча кандай гана кырдаал болбосун эмоционалдык тең салмактуулукту жана мыйзамдын талаптарын сактоону үйрөнүштү. Чыр-чатактар такталбаган маалыматтарды, анын ичинде социалдык тармактар ​​аркылуу таратуудан улам ​​келип чыккан учурларда жарандардын жоопкерчилиги жана ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрү талкуунун маанилүү темасы болуп калды: жарандар ушактарды таратпашы керек, ал эми ЖӨБ органдары мүмкүн болушунча чынчыл жана ачык болууга тийиш. Тренингдердин практикалык мааниси да чоң болду, себеби күч-аракети тынчтыкты сактоого жана чыр-чатактарды болтурбоого багытталган ЖӨБ органдары жарандык коомдун өкүлдөрү менен чогуу өз жамааты үчүн биргелешкен иш-аракеттер планын иштеп чыгып, биргелешип аракеттенүү чечимине келишти”, - деди ӨСИнин башкаруу төрайымы Надежда Добрецова.

Техникалык жардам көрсөтүү максатында катышуучуларга чакан гранттар программасы тууралуу маалымат берилип, грантка өтүнмөнүн формасын толтуруу эрежелери түшүндүрүлдү. Бул тренингдердин жыйынтыгы боюнча катышуучулар тынчтык демилгелерин илгерилетүүгө багытталган долбоордук өтүнмөлөр үчүн идеяларын аныктап алышты (мисалы, дебат клубун түзүү, маалымат борборун ачуу, жаштарды тартуу менен жергиликтүү демилге боюнча конкурстарды өткөрүү, ж.б.). Ошондой эле алар буларды жүзөгө ашыруу үчүн иш-чаралар планын даярдап, аларды укук бузуулардын алдын алуу жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча Биргелешкен планга кошушту.

Медиа үчүн байланыштар: Нургуль Жаманкулова, ӨСИнин маалыматтык саясат боюнча адиси, +996 770 771-711, +996 555 / 500 313-385, e-mail: njamankulova@dpi.kg 

 

____________

[1] “International Alert” уюму Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук медиация борбору менен биргеликте Кыргызстанда социалдык чыр-чатактарды алдын алууда, укук тартибин сактоодо жигердүү жаштарга, жарандык коомго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандын тандалып алынган 25 жеринде медиациянын көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн аянтча түзүүнүн үстүнөн иш алып барууда. Кененирээк маалымат алуу үчүн: www.international-alert.org