Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата аял талапкерлердин лидерлик мектеби 2021-ж.

27.05.2021 10:09
Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоору Мектептин жыйынтыктарын чыгарды.
	 Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата аял талапкерлердин лидерлик мектеби 2021-ж.

2021-жылдын 11-2021-жылдын 11-апрелинде өлкө боюнча жалпы 452 муниципалитеттердин арасынан 420нда, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештерине шайлоо өткөрүлдү. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна аялдардын катышуусун жогорулатуу жана потенциалдуу талапкер аялдарга колдоо көрсөтүү максатында «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоору «Жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдардын лидерлик мектебин» уюштурду. Мектептин алкагында үч күндүк тренинг жана шайлоо процесси башталгандан баштап аяктаганга чейинки мөөнөттү камтыган бир айлык ментордук программа даярдалып ишке ашырылды. Катышуучулар Долбоордун Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустардагы 24 максаттуу муниципалитеттеринен тандалып алынды.

Мектепке катышуу максатында жөнөтүлгөн 165 өтүнмө ичинен 65 аял тандалып алынган (Ысык-Көл облусунан 29 жана Жалал-Абаддан 36). Тандалган катышуучулар долбоордун бардык муниципалитеттеринен келишти.

«Жергиликтүү шайлоого талапкер аялдар үчүн лидерлик мектеби» аялдарга бир жолку теориялык билим гана бербестен, шайлоо процессинин ичинде аял-талапкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн практикалык консультацияларды берүүгө да багытталган. Бул максатта, биринчиден, интенсивдүү үч күндүк программанын алкагында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамына (жергиликтүү кеңештердеги аялдар үчүн 30 пайыздык квота), жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларына жана жергиликтүү депутаттардын милдеттерине байланыштуу тематикалык сессияларды камтыган тренинг өткөрүлдү. Мындан тышкары, аялдар лидерлик жана натыйжалуу коммуникативдик жөндөмдөр, шайлоого катышуу, каттоо жол-жоболору, шайлоого даярдык жана шайлоо алдындагы маалыматтык кампаниялар менен тийиштүү саясий программаларды даярдоо жөнүндө билимдерин өркүндөтүштү. Экинчиден, ментордук программанын алкагында мобилдик чалуулар аркылуу жана социальдк тармактарда ZOOM жана WhatsApp аркылуу онлайн консультация берүү, ошондой эле электрондук почта менен байланыш түрүндө ишке ашырылды. Жалпысынан эки аймакта аялдар үчүн Долбоор ZOOM аркылуу 4 онлайн-консультация жана 146 саат жеке консультациялар өткөрдү (77 саат Жалал-Абад облусунун катышуучулары менен жана 69 саат Ысык-Көлдүн катышуучулары үчүн).

Мындан тышкары, катышуучулардын өтүнүчү боюнча түзүлгөн Whatsapp тайпаларын өчүрбөй, мындан ары депутаттык жаатта тажрыйбалары менен да өз ара бөлүшүп туруу үчүн калтырууну чечишти.

Аталган иш чаранын натыйжасында,

  • жалпы 65 катышуучу ичинен 56 (86%) (Ысык-Көлдөн 22 (76%), 34 (94%) Жалал-Абаддан) аял шайлоого катышууну чечип, тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларында (АШК) каттоодон өткөн.
  • катталган 56 аял талапкерлердин ичинен 34 аял (61%) (Ысык-Көлдөн 15 (68%), Жалал-Абадтан 19 (56%)) тиешелүү аймактарда жергиликтүү кеңештердин депутаттары болуп шайланды.
  • 9 (19%) аял ар кандай жагдайларга байланыштуу (көбүнчө үй-бүлөлүк себептерден) шайлоого катышуудан баш тартышкан.

Муниципалитеттер Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 59-1-беренесине киргизилген айылдык кеңештин депутаттарынын 30 пайыздан кем эмеси аялдар үчүн резервге алынат деген түзөтүүнү биринчи жолу ишке ашырып жаткандыктан, бардык катышуучу аялдар бул иш чаранын маанилүүлүгүн жана өз убактында болгонун белгилешти. Алар тренерлердин берген билими жана тажрыйбасы аркылуу ийгиликке жетишкенине басым жасашты. Эң башкысы шайлоо алдындагы компанияларын уюштуруп жатканда мыйзамдын чегинен чыккан иштерге аралашпаганын баса белгилешти. Алардын айтуусуна караганда, алар туура үгүт жана шайлоо программаларын шайлоочуларга түз жана сабаттуу жеткире алгандыктан калктын ишенимине ээ болушканын билүүгө болот.

Гүлзат Чотоева (49 жаш, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кетмен-Төбө АА) өзүнүн тажрыйбасын төмөкүдөй баяндады: "Мектеп мага шайлоо процессинде чоң колдоо көрсөттү. Мен дайыма тренерлердин колдоосун сездим жана бардык суроолорума жооп ала алдым. Мен абдан жакшы, сабаттуу шайлоо кампаниясын уюштурууну үйрөндүм. Шайлоо натыйжаларын карап көрсөңүз, мага 300дөн ашуун шайлоочу добуш берди. Алардын ичинен 30 дайы туугандарым болушу мүмкүн, бирок андан көп эмес. Калгандары баары менин шайлоочуларым, алар менин шайлоо алдындагы программама ишенип, менин мурдагы салымымды баалашканын көрсөтүштү. Мен тренингтерде үйрөнгөндөй, баардык ишти мыйзамга ылайык жасадым. Паракорчулукка барбадым. Жергиликтүү кеңештин потенциалдуу депутаттары үчүн эмес, өзүнүн уруусу, тааныштары жана туугандары үчүн добуш берүүгө аракет кылгандар да албетте болду бирок ошого карабастан, мен 300 добуш ала алдым. Бул мен үчүн чоң ийгилик!”

Гүлнара Бостонова (57 жаш, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Ак-Жол АА): "Мен мыйзамды бузбастан, өзүмдүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүздүм. Мен консультацияларда кеңешүү учурунда алган билимдеримди пайдаландым. Айылдын маанилүү маселелерин көтөргөм жана жергиликтүү кеңештин жана бийликтин компетенциясына жараша бул проблемаларды чечүү жолдорун көрсөттүм. Мен ар бир айылда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, мыйзам бузбай, шайлоочуларды сатып албай, жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн башка талапкерлерге жана жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн алдында жакшы өрнөк болууга аракет кылдым”.

Тилекке каршы, келечектүү пландары бар, жаш муундан (28-35 жаштагы) бир катар аялдар жетиштүү добуш ала албагандыгын белгилей кетүү керек. Мындай жеңилүүгө карабастан, алар келечекте пайдалуу боло турган мектептен алган билими жана тажрыйбасы үчүн долбоорго ыраазычылык билдиришти.

Урдолотова Зарема (31 жаш, Ыссык-Көл облусу, Жети-Өгуз району, Кызыл-Суу АА): “Мен жергиликтүү кеңештин шайлоосунда жеңишке жетишпедим, бирок бул мектептен чыныгы лидер болуп чыктым. Жергиликтүү коомчулук менен өз ара аракеттешүү көз карашынан алып караганда, жергиликтүү шайлоо – калктын добушуна маани берүү менен өзүмдү чыныгы лидер катары билимимди жана жөндөмүмүмдү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болду. Азыркы учурда мен ар кандай иш-чараларга катыша баштадым жана ар түрдүү жергиликтүү демилгелерди баштаганы турам. Буюрса активдүү иш жүргүзүү аркылуу, мен 4 жылдан кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга даяр боломун деп ишенем.”

Эскерте кетсек, «Жергиликтүү кеңештерге аял талапкерлердин лидерлик мектеби» «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоорунун алкагында уюштурулду. Аталган Долбоор Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцария өнүктүрүү жана кызматташтык (SDC) Агенттиги аркылуу каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылууда. Аталган иш-чаралар аркылуу жана аялдар үчүн 30 пайыздык квотаны резервдөө механизмин кепилдеген мыйзам аркылуу Долбоор мүмкүн болушунча көбүрөөк аялдардын жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышуусуна жана 30 пайыздык квотага жетүүгө көмөк көрсөттү.