«Жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдардын лидерлик мектеби» аялдарды депутаттыкка даярдоодо

22.02.2021 19:21
Мектептин катышуучуларынын жалпы саны 70 адамды түзөт.
 «Жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдардын лидерлик мектеби» аялдарды депутаттыкка даярдоодо

2021-жылдын 19-февралында Чолпон-Ата шаарында аялдарды алдыдагы апрель айындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдоого багытталган тренинг ийгиликтүү аяктады. Окутуу Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча Агенттиги аркылуу каржыланган Хельветас Кыргызстан жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдар тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен өттү. 

Тренингдин негизги максаты айыл аймактардагы аял-талапкерлердин лидерлик сапаттар жана шайлоо процесстерине катышуу боюнча билимин жана дараметин жогорулатуу менен жергиликтүү кеңештерге шайлоого аялдардын катышуусун жана өкүлчүлүгүн арттырууга салым кошуу болуп саналат. Тренингге Ысык-Көл облусунун 11 долбоордук муниципалитеттеринен жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлигин коюуну көздөгөн, сынактын негизинде тандалып алынган 29 аял катышты.

Үч интенсивдүү күндүн ичинде аялдар эң маанилүү темалар менен таанышып, лидерлик сапаттар жана калк менен натыйжалуу баарлашуу көндүмдөрү жөнүндө гана эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ченемдик укуктук базасы жана тутуму жөнүндө кеңири маалымат алышты. Үчүнчү күнү, шайлоо программасын иштеп чыгуу жана жүргүзүү жана үгүт иштерин жүргүзүү стратегиялары менен таанышкандан кийин, катышуучулар шайлоо программаларын жана аларды ишке ашыруу пландарын өз алдынча даярдап, тааныштырышты. Ошондой эле, катышуучуларга жергиликтүү кеңештердеги аялдар үчүн 30% квота жөнүндө маалымат берилип, БШКнын талаптарына жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, каттоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери үйрөтүлдү.

Катышуучулардын көпчүлүгү жергиликтүү кеңешке шайлоого катышуу ниетин билдиргенден тартып көптөгөн тоскоолдуктарга туш болуп жатышканын билдиришти. Айрымдары аялдардын саясатта орду жок деген сыяктуу стереотиптер таасирин тийгизгенин баса белгилешсе, башкалары сынды өз жашына карата укканын белгилешти: жаш курактагы аялдарга билимдин жана тажрыйбанын жоктугун шылтоолоп тоскоолдук коюлса, улуураак жаштагы аялдарга жаштарга жол ачып берүүсүн, неберелери менен үйдө отурушу керектиги айтылып тоскоолдуктар коюлуп жатканы айтылды. Бирок айрым учурларда, аларды колдоп, өзүн-өзү көрсөтүү сунушталган күндө да, аялдар өз мүмкүнчүлүктөрүнөн жана билиминен күмөн санап калышууда.

Бирок аялдар мектепте алган билимдери алардын шайлоого катышууга болгон ишенимин жана чечкиндүүлүгүн арттырууга жардам бергенин айта кетишти. Катышуучулардын бири элеттик аялдар көпчүлүк учурда толук кандуу маалымат алууга мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экендигин, жергиликтүү бюджетти билбегендигин жана финансылык сабаттуулугу төмөн экендигин билдирди. Ушуга байланыштуу, алар жергиликтүү деңгээлдеги чечим кабыл алуу процесстерине катышууда кыйынчылыктарга туш болоорун айтты. Дагы бир катышуучу анын айылынын тургундарынын жашоо деңгээли аны жергиликтүү кеңешке шайлоого катышуусуна түрткү болгонун белгиледи. Мектеп жөнүндө сүйлөгөн сөзүндө ал:

«Мен Каракол шаарында К.Тыныстанов атындагы университетте мугалим болуп иштейм. Шаарда иштегениме карабастан, өмүр бою айылда жашадым. Айылдагы калктын, айрыкча аялдардын турмушунун начарлап баратканын байкап, өзүмдү жергиликтүү кеңештин депутаттыгына көрсөтүүнү чечтим. Себеби мен аялдар жоопкерчиликтүү жана ар дайым баштаган ишин аягына чейин жеткиришет деп ишенем. Алар кандайдыр бир көйгөйлөрдү лупа менен караган сыяктуу карап, эң майда кыйынчылыктардан бери көрүп, аларды чечүүгө аракет кылышат. Ошондуктан, алар жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусу керек»- Асаналиева Кыял, Октябрь айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешине талапкер.

Тренингдин акыркы күнүндө катышуучулар Жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдардын лидерлик мектеби жөнүндө ой-пикирлерин билдиришип, мектептин программасынын мазмуну алардын күтүүлөрүн ашып түшкөндүгүн баса белгилешти. Катышуучулардын арасында азыркы учурда кеңештерде депутат болгон айымдар да бар болчу, алар өз кезегинде АӨттө депутат экендигине карабастан, буга чейин мындай терең билимге ээ болбогондугу жөнүндө сөз кыла кетишти. Октябрь АӨнүн жергиликтүү кеңешинде депутат катары иш алып барган Айнура Өмүрканова тренингдин уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирип, төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Мен Октябрь жергиликтүү кеңешиндеги 21 депутаттын ичинен жалгыз аялмын. Мен жаңы депутат болуп келгенде, албетте, бизге эч ким мындай окутууларды өткөргөн эмес, биз депутаттардын ишмердүүлүгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы жөнүндө эч нерсе билбей туруп келдик. Биз ишибизди алып барып жатып үйрөнүүгө жана өз алдыбызча мыйзамдарды изилдеп окууга туура келген. Мындай билимдин жоктугу мен үчүн дагы ийгиликтүү иштөөгө тоскоолдук болду. Бирок бүгүн, үч күндүк тренингден кийин, мен калк менен натыйжалуу баарлашуу, шайлоо өнөктүгүн өткөрүү эрежелери (мыйзам чегинде), ошондой эле мен үчүн эң маанилүү болгон жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү, эл өкүлүнүн статусун жана депутаттык ыйгарым укуктарын калыптандыруу процесси тууралуу темалар жөнүндө толук билим алдым деп ишенимдүү айта алам».

Долбоордун өкүлдөрү жана тренерлер азыркы учурда аял-талапкерлерге, алардын жаш курагына карабастан, жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдануусуна көмөктөшүү өтө маанилүү экендигин белгилешет. Ошондуктан, Долбоордун негизги максаты аялдарды Лидерлик мектебин аяктагандан кийин дагы аларга консультациялык жардам көрсөтүү аркылуу колдоо болуп эсептелет. Ал эми кийинки жумада 25-февралдан 27-февралга чейин Жалал-Абад облусунун долбоордук муниципалитеттеринде жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкер аялдарга дал ушундай эле тренинг болуп өтөт. Ал тренингге катышуу үчүн сынактын жыйынтыгында 41 аял тандалып алынды.