КР БШК 1255 номери аркылуу тынымсыз байланыш кызматын уюштурду

16.02.2021 15:47
Тынымсыз байланыш жергиликтүү кеңешке шайлоо мезгилинде да иштейт.
КР БШК 1255 номери аркылуу тынымсыз байланыш кызматын уюштурду

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 1255 номери аркылуу тынымсыз байланыш кызматын уюштурду. Тынымсыз байланыш кызматы жергиликтүү кеңешке шайлоодо аялдардын депутаттыкка талапкер жана шайлоочу катары катышуусуна байланышкан маселелерди да тейлейт. 

Байланыштын операторлору аялдардын шайлоого катышуусу боюнча да атайын окуудан өтүп, шайлоочулар менен баарлашуу мезгилинде гендердик-сезимтал нукта сүйлөшкөнгө үйрөнүшкөн.  

Операторлор арасында аялдардын шайлоого катышуусуна байланыштуу көп узатылган суроолор даярдалып, таратылып берилген. 

Тынымсыз байланыш жергиликтүү кеңешке шайлоо мезгилинде да иштейт.