БШК КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планын бекитти

11.02.2021 12:11
Булак: https://shailoo.gov.kg/kg/news/4408/
БШК КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2021-жылдын 9-февралындагы отурумунда 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги  уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планын бекитүү чечимин кабыл алды.

Чечим, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү максатында,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 14, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ