Кыргызстанда биринчи жолу ЖӨБ жөнүндө кодекс иштелип чыкты

28.01.2021 10:53
Бейрасмий котормо. Түп нускасына булак: https://24.kg/obschestvo/181345_vkyirgyizstane_razrabotan_pervyiy_kodeks_omestnom_samoupravlenii/
Кыргызстанда биринчи жолу ЖӨБ жөнүндө кодекс иштелип чыкты

13:20, 27-январь 2021-жыл, Бишкек - 24.kg, Мария ОРЛОВА

Кыргызстанда биринчи жолу ЖӨБ жөнүндө кодекс иштелип чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин адиси Рахманкул Мендекеев билдирди.

Маалыматка ылайык, кодекстин максаты — жергиликтүү жамааттардын өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги астында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүсү үчүн конституциялык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга укуктук негиздерди камсыздоо. 

Бул документте жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжасы катары муниципалдык кызмат көрсөтүү каралат деп жазылган. Жергиликтүү маанидеги маселелерди мамлекеттик башка ченемдик укуктук актылар менен бекитүүгө жол берилбейт деп каралган.  

"Ошол эле учурда, бул ыйгарым укуктарды жергиликтүү кеңештердин чечимдери менен өз ыктыяры менен жүзөгө ашыруу аркылуу келишимдик негизде биргелешип аткаруу укугу жөнүндө маанилүү жобону, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды чектөө маселелерин кошуу сунушталууда", - деди ал.  

"Кодекс эмнени берет? Бул мыйзам чыгаруучулукка мүнөздүү болгон, өнүгүүгө жол бербеген, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болбогон функцияларды жүктөгөн тоскоолдордон жана кагылышуулардан арылууга мүмкүндүк берет", - деп кошумчалады Рахманкул Мендекеев.

Анын айтымында, көз карандысыздык жылдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүгүүгө карай ийгиликтүү жолду басып өттү, бирок мындан аркы реформаларга жолтоо болгон кыйынчылыктар пайда болду. Тактап айтканда, ыйгарым укуктарды жана өткөрүп берилген маселелерин чектөө принцибин түшүнүү жана жүзөгө ашыруу менен байланышкан мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы мамилелердеги карама-каршылыктар, бийликтин өкүлчүлүктүү органдарынын алардын ченем жаратуу жана контролдоо функцияларын аткаруу жагынан жетишсиз потенциалы жана башкалар.

"Ошол эле учурда, өлкөнүн тармактык мыйзамдарында кагылышуулар жана түздөн-түз карама-каршылыктар бар. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу ар кандай мезгилдерде иштелип чыккан жана кабыл алынган ар башка ченемдик укуктук актылардын негизинде иштеп келет. Жогоруда айтылган көйгөйлөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун колдонуудагы моделинин алкагында чечүү аракеттери кырдаалды курчутуп, алгылыктуу жетишкендиктерге алып келбейт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кодекси аларды бирдиктүү жөнгө салуу комплексинде консолидациялоо жана тутумдаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ", - деди ЖӨБЭММА өкүлү.

 

ТЕМАГА ТЕКТЕШ:
Без посредников. Депутаты парламента хотят наладить с органами МСУ прямую связь