Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын Мектебинин катышуучуларынын тизмеси жаңыланды

19.01.2021 10:27
Мектептин интенсивдүү практикуму 2021-жылдын 25-29-январь күндөрү Ысык-Көлдө өткөрүлөт.
Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын Мектебинин катышуучуларынын тизмеси жаңыланды

2021-жылдын 6-январында Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын Мектебинин катышуучулары аныкталган. Мектеп Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (мында ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Конкурстук комиссиянын чечимине ылайык, Мектептин катышуучулары болуп, конкурска келип түшкөн 84 табыштаманын ичинен эң жогорку баллдарды алган 50 жаран тандалып алынган. Бирок Мектептин уюштуруу иштери тууралуу ар бир катышуучу менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгындажалпы 50 катышуучунун бешөө ден соолугуна жана ар кандай жеке жагдайлардан улам катыша албастыгын билдиришкен.

Буга байланыштуу тизмеде кийинки саптарда турган 5 жаңы катышуучу кошулду.

Жаңыртылган тизме менен бул шилтеме аркылуу таанышса болот: http://myktyaimak.gov.kg/single-news?id=28