Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айылдык муниципалитеттери жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү алкагында кызматтарды уюштуруу жана көрсөтүүгө жеке секторду тартуунун ыкмаларын үйрөнүштү

06.11.2020 12:02
Иш-чаралар "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.
Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айылдык муниципалитеттери жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү алкагында кызматтарды уюштуруу жана көрсөтүүгө жеке секторду тартуунун ыкмаларын үйрөнүштү

Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланган,  Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын бардык айылдык муниципалитеттери үчүн жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды уюштуруу алкагында жеке секторду тартуу боюнча бир катар семинарларды өткөрүүдө.

Жалпысынан Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айылдык муниципалитеттеринин 108 жетекчиси жана кызматкерлери (анын ичинде 13 аял) Жалал-Абад, Ала-Бука, Токтогул, Балыкчы жана Караколдо болуп өткөн 5 семинарга катышышты.

Кызмат көрсөтүүгө жеке сектордун катышуусу жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кызмат көрсөтүүчүнүн уюштуруу маселелери жана ички көйгөйлөрү менен алектенүүдөн арылат, негизги каражаттарды сатып алуунун жана сактоонун кажети жоголот.

Семинарда катуу таштандыларды чогултуу жана чыгаруу, маданият жана эс алуу жаатындагы кызмат көрсөтүү, коомдук жайларды жарыктандыруу жана көрктөндүрүү ж.б.у.с. тармактарда жеке сектор менен кызматташуунун чыныгы мисалдары каралды.

Семинардын аягында Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы Кадыралиева Майрамкүл: “Семинар абдан маалыматтуу жана пайдалуу болду. А.Чекировдун жардамы менен биз жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды көрсөтүүгө жеке секторду тартуунун практикалык ыкмаларын үйрөндүк” деди. Андан ары, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш АА башчысы Урмат Шаршеев: “Мен жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн жеке сектор менен кызматташууну колдойм, анткени мындай ыкма кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатып, коррупциянын деңгээлин төмөндөтөт” деп баса белгиледи.

Семинарлардын жыйынтыгы боюнча, Долбоор тиешелүү онлайн курсту түзүүнү жана аталган эки облустун ар биринен кызмат көрсөтүүгө жеке секторду тартуу боюнча бир ийгиликтүү иш алып барууну пландаштырууда, кийин ал мыкты тажрыйбалардын порталына жайгаштырылат, бул башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мындай тажрыйбаны өз муниципалитеттеринде колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Тобокелдиктерди азайтуу жана коронавирустук (COVID-19) инфекциянын андан ары жайылышын алдын алуу үчүн, бардык санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен жана катышуучулардын санынын аздыгы менен, максаттуу региондордун ар кайсы райондорунун өкүлдөрү үчүн семинарлар өз-өзүнчө өткөрүлдү. Бардык катышуучуларга медициналык маскалар, антисептиктер берилип, социалдык аралык сакталды.