Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик резолюциясына КР ЖӨБ Союзу менен Өнүктүрүү саясат институтунун сунуштары

22.04.2019 10:02
Расмий кайрылууга КР ЖӨБ Союзунун директору Алманбетов Ө.Б. жана Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Добрецова Н.Н тарабынан кол кюлган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик резолюциясына КР ЖӨБ Союзу менен Өнүктүрүү саясат институтунун сунуштары

“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу” Юридикалык жактардын бирикмеси жана Өнүктүрүү саясат институту КР ЖӨБ органдарынын жергиликтүү бюджеттеринин абалына карата тынчысыздануусун билдиришет. 2018-жылдын жыйынтыгына караганда, өлкөдө кооптонууну жараткан абал түзүлдү: жергиликтүү маанидеги маселелерди сапаттуу чечүү үчүн да, региондорду өнүктүрүү боюнча КР Президентинин тапшырмаларын аткаруу үчүн да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетиштүү финансылык мүмкүнчүлүктөр жок.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына, Өкмөттүн аракеттерине жана 2018-жылы көрүлгөн чараларга карабастан, акыркы беш жылдын ичинде жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин жалпы кирешелеринде жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин үлүшү стагнация абалында кала берүүдө – эч кандай өсүш байкалбайт (1-диаграмманы караңыз). Ошол эле маалда республикалык бюджеттин кирешелери туруктуу ыргакта өсүп жатат (2-диаграмманы караңыз). Бул демек жергиликтүү жана республикалык бюджеттер ортосундагы кирешелерди бөлүштүрүп жатканда аймактарды өнүктүрүүгө карата өлкөнүн артыкчылыктары эсепке алынбайт дегенди билдирет. Абсолюттук туюнтмасында 2018-жылы жергиликтүү бюджеттердин жыйынды көлөмү 2017-жылга салыштырганда атүгүл төмөндөп кеткен. Натыйжада, ЖӨБ органдарына өз функцияларын жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды сапаттуу аткаруу үчүн ресурстар жетишпей жатат.

Ошону менен бирге жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тиешелүү болгон финансылык ресурстарды бербестен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларынын санын кеңейтип келатат. Айталы, өткөн жылдары жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмесине туризмди өнүктүрүү, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо, пробация өңдүү маселелер кошулган. ЖӨБдүн функцияларын кеңейтүү боюнча, мисалы, саламаттык сактоо жана башка маселелерге карата жаңы демилгелер кайра-кайра көтөрүлүп турат. Бирок бул демилгелерде бир нерсе эч качан эсепке алынбайт: ЖӨБ органдарынын функцияларын чеги жок кеңейте берип, бирок ошол эле маалда жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүүгө өзгөртүүлөрдү киргизбесе, мындай көрүнүш акыр соңунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шал абалга жеткирет. ЖӨБ органдары көзөмөлсүз ыйгарым укуктарды жана милдеттерди аткарууга такыр эле жөндөмсүз болуп калат.

Жергиликтүү бюджеттердин абалы начарлап жатканынан улам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу тапшырмаларын аткаруу зарылчылыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен төмөнкүнү Бюджеттик резолюцияга киргизүүнү өтүнөбүз: мамлекеттик бюджеттик кирешелердин жалпы көлөмүндө жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин үлүшү 2020-жылы 20 пайызга чейин жана 2022-жылы 25 пайызга чейин көбөйтүлүшү керек.

Ошондой эле бюджет аралык мамилелерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизбестен жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегин кеңейтүүгө тыюу салууну өтүнөбүз.

Ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин абалын жакшыртуу максатында 2020-2022-жылдарга КР ЖК Бюджеттик Резолюциясына бюджет аралык мамилелерди өркүндөтчү төмөнкүдөй багыттарды киргизүүнү сунуштайбыз:

  • Райондор жана шаарлар үчүн бюджеттик камсыздалгандыкты теңдештирүү саясатынын максаттарын аныктап алуу (өнүгүү үчүн теңдештирүү (өсүш башаттарын) жана конституциялык кепилдиктерди сактоо үчүн теңдештирүү). Ушундай максаттарга шайкеш келген теңдештирүүнүн жаңы механизмдерин иштеп чыгып, киргизүү;
  • Теңдештирүүнүн максаттарына жараша өлкөнүн жана муниципалитеттердин кызыкчылыктар балансын эсепке алуу менен, капиталдык салымдарды каржылоонун схемасын кайра карап чыгуу. Жергиликтүү өнүгүү бюджеттерин түзүү механизмдерин даярдап, ишке ашыруу;
  • Теңдештирүү максаттарына карабастан жарандар үчүн да, бизнес үчүн да маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоодо теңсиздикти кыскартуу боюнча чараларды көрүү (учурда жергиликтүү бюджеттердеги маанилүү беренелер боюнча аймактардын ортосундагы айырма төмөнкүдөй: турак жай-коммуналдык чарбасы – дээрлик 22 эсе, социалдык коргоо – 15 эсе, маданият – 35 эсе);
  • ЖӨБ органдарынын киреше потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды даярдап, ишке ашыруу (эсепке алынбай калган жер жана мүлк объекттерин экономикалык жүгүртүүгө киргизүү, ижарага берилген муниципалдык менчиктеги объекттердин жагымдуулугун жогорулатуу, кыймылсыз мүлк объектисинин кадастр баасын эсепке алуу менен, мүлк салыгы боюнча салыктык базаны кайра эсептеп чыгуу, ал базар баасынын негизинде эсептелиши керек ж.б.);
  • ЖӨБдүн ыйгарым укуктары менен ошол ыйгарым укуктарды каржылоонун көлөмдөрүн шайкеш келтирүү – ЖӨБдү каржыланбаган функцияларды жана өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткарууга байланышкан чыгашалардан бошотуу. Билим берүү мекемелерин каржылоону жергиликтүү бюджеттин чыгашасынан республикалык бюджеттин чыгашаларына которуу демилгесин ишке ашыра берүү;
  • Жер казынасын колдонуудан жана менчикти сатуудан түшкөн кирешелерди башкаруу принциптерин өзгөртүү. Ушул чөйрөлөрдөн түшкөн кирешелерди өнүктүрүү максаттарына багыттоо үчүн мындай кирешелерди күнүмдүк чыгашаларга колдонууга чектөөлөрдү киргизүү;
  • Комплекстүү пландоо системасын түзүү боюнча чараларды көрүп, анда мейкиндиктик пландоо, социалдык-экономикалык пландоо жана бюджеттик камсыздалгандык фактору ортосундагы байланышты караштыруу. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин жардамы менен жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик программаларды каржылоонун механизмдерин иштеп чыгып, аларды киргизүү.

ЖӨБ Союзунун Директору

АЛМАНБЕТОВ Ө. Б.

(тел. 0312 62 61 50)

 

Өнүктүрүү саясат институтунун

Башкаруу төрайымы

ДОБРЕЦОВА Н. Н.

(тел. 0312 97 65 30)