Калыс социалдык коргоо. Бул Кыргызстанда мүмкүнбү?

26.11.2018 09:25
Өлкөнүн 2019-жылга бюджети Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына кирген артыкчылыктарды канчалык колдойт?
Калыс социалдык коргоо. Бул Кыргызстанда мүмкүнбү?

Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы өлкөнүн өнүгүүсүндөгү көптөгөн артыкчылыктарды аныктаган. Аны менен катар, өтө аярлууларды коргоо чөйрөсүндөгү артыкчылыктар аныкталды: акыйкат социалдык коргоону түптөө, балдардын жана аялдардын кызыкчылыктарын коргоо жана илгерилетүү, социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана социалдык заказ системасын өнүктүрүү. Стратегияга туура жана эффективдүү чаралар кирген. Бирок аларды аткаруу канчалык реалдуу болгону мамлекеттик бюджетте тийиштүү финансы каражаттары барбы – мына ушуга көз каранды.

Өлкөнүн 2019-жылга бюджети Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына кирген артыкчылыктарды канчалык колдойт?

Стратегия жакында эле жарыялангандыктан, ведомстволордун стратегияга киргизилген артыкчылыктарга шайкеш кылып бюджетин кайтадан карап чыгуу үчүн убактысы аз болгону түшүнүктүү. Бирок өтө маанилүү артыкчылыктуу багыттар бюджетте чагылдырылышы керек.

Ушул тапта 2019-жылга бюджет жөнүндө мыйзам долбоору бардык деңгээлдерде талкууланып жатат. Пландалган 161,7 миллиард сом чыгашадан социалдык коргоого 13,8 миллиард сом жана социалдык жардамга 11 миллиард сом бөлүнүүдө. Бул көппү же азбы? Акча муктаж адамга баратканда орто жолдо "тыгылып" калбашы үчүн эмне кылыш керек? Ушул жана башка суроолор "Калыс социалдык коргоо. Бул Кыргызстанда мүмкүнбү?" аттуу пресс-сессияда көтөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым журналисттери жана ЖМК өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректорунун кеңешчиси Жамиля Сопукеева “Бюджет-2019: Социалдык коргоону каржылоо жана 2040-жылга чейин ТӨУСнын артыкчылыктары” жана Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда Добрецова “Жергиликтүү бюджеттерден cоциалдык коргоо чөйрөсүн каржылоодо аймактар арасында теңсиздик” деген аталыштагы презентацияларды тартуулашты.

Спикерлердин презентациялары тартууланып бүткөн соң, пресс-сессиянын катышуучулары өлкөнүн 2019-жылга социалдык бюджетине жалпысынан көз жүгүртүп чыгууга, бюджет улуттук артыкчылыктарга канчалык шайкеш келгенине, аярлуу топтордун – оор турмуштук кырдаалда жашаган үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жана башкалардын кызыкчылыктарын коргоого канчалык жөндөмдүү болгонун талкуулашты.

Пресс-сессия Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу (SDC) Швейцариянын Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Бардык суроолор боюнча ӨСИнин консультанты Лариса Лиге кайрылууңузду өтүнөбүз. Тел.: 0555 500-261. Же болбосо ӨСИнин коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкуловага кайрылсаңыз болот. Тел.: 0770 771-711, 0555 313-385.