Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагындагы Айры-Там айылында минифутболдук аянтча курулду

28.08.2018 17:00
КЖАП «СПОРТ БАГЫТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАРДЫ ЖАКШЫРТУУ»
Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагындагы Айры-Там айылында минифутболдук аянтча курулду

2018-жылдын 15-августунда Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы аркылуу каржыланган ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдардын консорциумунда ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында аткарылган  1-Май айыл аймагындагы Айры-Там  айылында  курулган минифутболдук аянтчанын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү.

Ал салтанатуу ачылыш аземине Хелветас ассоциясынын жана Өнүктүрүү Саясат Институтунун өкүлдөрү, PSI долбоорунун өкүлдөрү, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмунүн башчысы,  1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы, коңшу айыл аймактарынын өкүлдөрү  ошондой эле 1-Май айыл аймагындагы айылдардын жашоочулары катышышты. 

Долбоордун алкагында 1-Май айыл аймагында спорт багытындагы кызматтарды жакшыртуу аракеттер планы иштелип чыгып: Айры-Там айылында бир минифутболдук аянтча курулду.

  • КЖАПтын жалпы суммасы: 3 476 196 сом;
  • Грантын суммасы: 2 400 000 сом;
  • Өздүк салымдын суммасы: 1 076 196 сом.

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жардамы менен бул кызматтарды жакшыртуунун жыйынтыгында 350 айыл аймагынын айылдарынын жаш тургундарына  ылайыктуу шарттар жаралды. Ошондой эле айылда спорт багытында кызматтарды жакшыртууда жаштардын спорттук мектебине дагы бир кошумча машыктыруучу штаты берилген. Мурунку учурларда 1-Май айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тартыштыгына байланыштуу, спорт жаатындагы кызмат көрсөтүүлөргө, жаны спорт аянтчаларын курууга, жаны спортттук шаймандарды алууга акча каражаты ажыратылбай, жаштар арасында ар дайым нааразычылыктар орун алып келген.  Спорт багытындагы кызматтарды көрсөтүүдө ишкер менеджменттин жоктугу, тактап айтканда калкка акылуу спорттук машыктырууларды уюштурууга көңүл бөлүнбөй келген. Анын кесепетинен жаштардын бош убактыларын туура пайдалануусу үчүн шарттар уюштурулбагандыгынын натыйжасында аймакта жаштар арасында  кылмыштуулуктун саны өскөн.

“Спорт жана маданият тармагында кызматтарды жакшыртуу биз учун чон жетишкендик. Себеби жаштарыбыздын спорт менен машыгуусуна шарт тузуу менен бирге, алардын ден-соолугун чындап, кылмыштуулуктун санын да азайтып жатабыз. Окмот бир гана мини-футбол аянтчасын куруу менен гана чектелбестен, кошумча компонент катары, тренажордук залдын жана балдар учун спорт залдын элге кызмат корсотуусун камсыз кылып жатат”- деп 1-Май АО башчысы Шербаев Мухтар белгилеп кетти.     

Долбоордун жүрүшүндө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жана муниципалдык кызматтарды  көрсөтүүдө ЖӨБО кызматкерлеринин, айылдык кеңештин депутаттарынын, коомдоштук уюмдардын мүчөлөрүнүн, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатуу максатында зарыл болгон тренинг окутуулар жүргүзүлүп, техникалык жардамдар берилди.