Муниципалдык сайттар жана маалыматты жайылтуунун заманбап аспаптары менен иштөө боюнча практикалык семинар

27.02.2018 19:02
Муниципалдык сайттар жана маалыматты жайылтуунун заманбап аспаптары менен иштөө боюнча практикалык семинар

2018-жылдын 27-февралында Бишкекте муниципалдык сайттар жана маалыматты жайылтуунун заманбап аспаптары менен иштөө боюнча семинар өттү. Ага муниципалдык веб-сайттардын администраторлору жана Чүй облусунун 10 муниципалитетиндеги Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрү катышты. Бул муниципалитеттер: Кочкорбаев, Күн-Туу, Кызыл-Туу, Александровка, Таш-Мойнок, Бурана, Гроздь, Ак-Башат,Юрьевка жана Фрунзе айылдык аймактары.

“Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында Чүй облусунун бир катар ЖӨБ органдарына муниципалдык веб-сайттарды түзүүгө көмөк көрсөтүлдү. Мындай жардамдын максаты – ЖӨБ органдарынын ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатууга көмөктөшүү, жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине катышуусу үчүн шарттарды түзүү, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын башкарууда ачыктыкты камсыз кылуу. Анткени бүгүнкү күндө маалымат – мамлекеттин жана коомдун өнүгүп, иштеши үчүн негизги ресурстардын бири. Ошондуктан бийлик органдары менен коомдун ортосундагы маалымат алмашуу – мамлекеттин натыйжалуу иштешиндеги маанилүү фактор. Долбоордун буюртмасы менен Weltkind веб-студиясы ЖӨБ органдарынын керектөөлөрүн эсепке алуу менен муниципалдык сайттын ШАБЛОНУН иштеп чыкты. Мында жарандардын маа-лыматка жеткиликтүүлүк камсыз кылууда КР мыйзамдарынын талаптары да эске алынды. Семинармаалында катышуучуларга муниципалдык сайтты администрациялоо боюнча Колдонмо (мындан ары– Колдонмо) тартууланды, аны Долбоор эки тилде даярдап, басып чыгарган болчу. Колдонмодо веб сайтты башкаруунун администрациялык панелинин бардык мүмкүнчүлүктөрү кеңири көрсөтүлгөн.Тагыраак айтканда: жаңылыктарды, кулактандырууларды, макалаларды, сүрөттөрдү, документтерди жана башка зарыл маалыматтарды жайгаштыруу, жол-жоболоштуруу (өчүрүү). Административдик панелди өздөштүрүү жеңил болсун деп, Колдонмого сүрөттөр (скриншоттор) киргизилди. Алардын алдына түшүндүрмө жазуулар да кошулду. Бардык сүрөттөр веб-сайттагы модулдарга (бөлүмдөргө) ылайык кадам-кадамы менен келтирилген”, - деп айтты Долбоордун жетекчисинин орун басары Сабина ГРАДВАЛЬ.

Семинардын жүрүшүндө муниципалдык сайттардын администраторлору колдонмо менен кеңири таанышып чыгып, иш жүзүндө анын бардык бөлүмдөрүн сынап чыгышты. Натыйжада алардын муниципалитеттеринин сайттарында бюджет, калктын артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча пландары тууралуу маалыматтарды кошкондо өтө маанилүү документтер пайда болду. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин – сайттын администраторлорунун жанында БМжБ тобунун өкүлдөрү иштешти. Эми алар да ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча пландарын кандай аткарып жатканына мониторинг жүргүзүү үчүн кайсы жерден, кандай маалымат алса болоорун так билип калышты. БМжБ топтору сайтка маалыматтар жана анын ичинде Жарандык бюджет канчалык өз убагында кирип жатканына дыкат көңүл бурулат.

Колдонмонун электрондук версиясын Долбоордун сайтынан алса болот: http://vap.kg/ru/press_room/publications/full/162.html