ТЫҢ ЖАШОО: УШУЛ ТАПТА, УШУЛ ЖЕРДЕ - 2017 Плакаттар сынагынын мөөнөтү узартылды

05.09.2017 13:10
Сынактын комиссиясынын мүчөлөрү сынакты 2017-жылдын 1-октярбына чейин узартуу чечимин кабыл алышты
ТЫҢ ЖАШОО: УШУЛ ТАПТА, УШУЛ ЖЕРДЕ - 2017 Плакаттар сынагынын мөөнөтү узартылды

Уюштуруучулар: Өнүктүрүү саясат институту, Гуманитардык долбоордоо институту жана «Муниципалитет» журналы

Катышуучулар: Кыргыз Республикасынын 14 жаштан жогору жарандары, жана ошондой эле КРде туруктуу жашаган жарандар. Кесипкөй сүрөтчүлөр менен дизайнерлердин жана чыгармачыл адистиктеги студенттердин катышуусу кубатталат.

Сынакка «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоору тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Долбоор Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык агенттиги тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

Сынактын тапшырмалары: ЖӨБ менен байланышкан көйгөйлөрдү гана эмес, аларды чечүү жолдорун жана ЖӨБдун ийгиликтүү иштери тууралуу мисалдарды көрсөтүү.

Байгелер
Жалпы байге фонду 160 000 сомду түзөт, анын ичинде:

  • 1 байге – 60 000 сом;
  • 2 байге – 30 000 сом;
  • 3 байге – 15 000 сом (3 байге);
  • «Айым жана ЖӨБ» номинациясында атайын байге – 15 000 сом;
  • Шыктандыруучу байге – 5 000 (5 байге, анын ичинде «Аймактан түшкөн мыкты иш» жана «14 - 18 жашка чейинкилер тобундагы мыкты иш).