Нарын жана Ош облустарынын АӨ кызматкерлери менен жергиликтүү активисттери жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо боюнча алгачкы иш-чараларды өткөрүштү

26.06.2017 10:59
2017-жылдын 15-23-июнь күндөрү Нарын облусунун беш элеттик муниципалитетинин аймагында эки күндүк окуу иш чаралары өттү.
Нарын жана Ош облустарынын АӨ кызматкерлери менен жергиликтүү активисттери жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо боюнча алгачкы иш-чараларды өткөрүштү

Ак-Талаа, Учкун, Чаек, Ак-Муз жана Кара-Суу айылдык аймактарында өткөн тренинг ЖӨБ органдары чечим кабыл алууда жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын эсепке алуусуна арналды. Тренингге айыл өкмөт башчысы жана адистери, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү кеңештин лидерлери баш болгон жүздөн ашык адам катышты.

“Тренингдер жергиликтүү бюджеттин каражаттарын бөлүштүрүүнү кошкондо, жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечим кабыл алууда ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын эсепке алуусу үчүн шарт түзүү максатын көздөдү, - деп айтып берди Долбоордун Нарын облусу боюнча координатору Акысбек ДОСОЕВ. – Биздин алдыбызда бир нече тапшырма турган, аларды катышуучулардын жигердүү катышуусу менен аткара алдык. Окуунун алгачкы күнү катышуучулар жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын эсепке алуу Модели, аны менен катар жамааттын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн үйрөнүп, артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо максатында Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) иш-чараларын өткөрүү боюнча теориялык билимге ээ болушту. Экинчи күн толугу менен ЖМБА механизмдерин колдонуу боюнча практи-калык көнүгүүлөргө арналды. Анын жүрүшүндө катышуучулар 3 топко бөлүнүп, жергиликтүү жамааттын 300гө жакын өкүлүнүн катышуусу менен ЖМБА-сессияларын өз алдынча өткөрүштү. Бул үч топ курактык категориялар боюнча шарттуу түрдө бөлүнгөн: 14-28 жаш, 29-54 жаш, 55 жана андан жогору курактагылар. Катышуучулар муну менен артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктап чыгышты. Аялдардын катышуусунун деңгээли – 146 аял – бизди абдан кубандырганын белгилей кетүү зарыл”. 

Өткөрүлгөн тренингдердин натыйжасында катышуучулардын билимдеги өсүш динамикасы 47,3% түздү. Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н.МУКАНОВдун айтымында, тренингдин практикалык бөлүгү өзгөчө пайдалуу болду.“Катышуучуларга бардык тараптардын – АӨ, АК жана жергиликтүү жамааттын ролдорун аткартуу идеясы абдан жакшы болгон. Ар бирибиз бул ролдорду жон терибиз менен сездик. Анткени көп учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын гана айыптай беришет эмеспи. Ал эми ЭҮЖӨБОЖ долбоору өткөргөн тренингдердин жардамы менен биз Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен, турмуш шарттарды жакшыртуунун жолдорун көрө алдык”.

Башка бир катышуучу – Ак-Талаа районунун Ак-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Т.МАМЫТОВА бул тренингге катышкандан кийин мурдагыдан да көбүрөөк жоопкерчилик сезип калганын белгиледи. “Буга чейин биз түрдүү окууларга көп катышканбыз.Бирок КР мыйзамдарынын негиздерин үйрөтүшчү эмес жана биз эч кандай жоопкерчиликти сезген эмеспиз. Бул жолу башкача болду: теория практика менен бекемделип, анын жүрүшүндө биз ушул ишчаралар үчүн жоопкерчиликти абдан сездик”.

Ушундай эле тренингдер Ош облусунда да өттү. Долбоордун Ош облусу боюнча координатору Абдылбоки ТОЛИПОВ буларды айтты: “Кара-Суу районун Шарк айылында болут өткөн тренингдин биринчи күнүндө катышуучулар теориялык билим алышып, “жергиликтүү маанидеги маселелер”, “жергиликтүү жамааттын катышуусу жана мунун мааниси”, “жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо” ж.б. өңдүү түшүнүктөрдүн маанисин чогуу талкуулашты. Ал эми экинчи күн толугу менен алган билим менен үйрөнгөн көндүмдөрдү практикада колдонууга арналды. Окуунун натыйжасында ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жана бюджеттик процессте жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын эсепке алуу Модели тууралуу билим алышып, калктын керектөөлөрүн жана артыкчылыктарын аныктоо үчүн Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) усулдарын колдонуу боюнча көндүмдөрүн жак шыртышты.
Мындан тышкары ЖӨБ органдарында ушул Моделди колдонуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жергиликтүү жамаатты тартууга даярдыгынын деңгээли жогорулады. 19 кишиден турган Жумушчу топтун жана ЖМБА иш-чараларынын комплексин өткөрүү боюнча болжолдуу графиктин түзүлгөнү буга мисал боло алат. Ошондой эле катышуучулардын билимдеги өсүш динамикасы 43,4% түзгөнүн белгилей кетүү зарыл”. Жаңы билим жана көндүмдөр канчалык эффективдүү өздөштүрүлгөнүн аныктоо максатында катышуучуларга Падаван айылында ЖМБАсессиясын өз алдынча өткөрүү сунушталды. Ага 14-28, 29-54, 55 жана андан жогору курактагылар деп 3 топ катышты. ЖМБА-сессияларына катышкан 53 киши төмөнкүдөй көйгөйлөрдү аныктап чыкты Жергиликтүү бюджет тууралуу маалымат тартыш (ЖМБА усулунун жыйынтыктары), билим берүү үчүн шарттар жок (тамактануу үчүн шарт жок, короо тосмолонгон эмес, китепканада китеп тартыш), КТК, спорт менен алектенүү үчүн шарттар жок, ичүүчү суу, жолдор, тротуар, светофор жок, ооруканадагы шарттар начар; 14-28 курактагылар кирген топ, катышуучулар: 15 киши, алардын ичинен төртөө аялдар.

Жолдордун абалы начар, мектептеги билим берүү системасында, ооруканаларда шарттар начар, мектепке чейинки билим берүү үчүн (бала бакчалар) шарттар түзүлгөн эмес; 29-54 курактагылар кирген топ. Катышуучулар: 20 киши, алардын ичинен 16сы аялдар. Тротуарлар жок, таза суу тартыш, мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттар жок; 55 жана андан жогору курактагылар кирген топ. Катышуучулар: 18 киши, алардын ичинде 7 аял. Тренингдин практикалык бөлүгүнүн жүрүшүндө катышуучулар бардык тараптардын катышуусу маанилүү болгонун, анткени бул маалымат менен алмашууга жардам берээрин, ал эми колдонулган механизмдер жөнөкөй жана жетимдүү болуп, ЖМБА-сессиялардын катышуучулары менен мамилени тез арада жөнгө салууга жардам бергенин белгилешти. 55 жана андан жогору курактагылар тобуна кирген Падаван айылынын аксакалы ыраазычылыгын билдирди: “Тарыхыбызда биринчи жолу бизге, карапайым элеттиктерге жергиликтүү көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн келишти. Бүгүн биз көтөрүп чыккан көйгөйлөр келечекте айыл өкмөтүнүн пландарында чагылдырылып, аларды чогуу чечебиз деп үмтөтөм. Ал эми колдонулган усулдар бизге окшогон карапайым адамдар үчүн өтө жөнөкөй жана жетимдүү болду”. Ал эми орто мектептин директору, Жумушчу топтун мүчөсү КОЧКАРОВА Зебиниса жаштардын кызыгуусун тренингдин негизги жетишкендиги катары атады: “Алар айыл өкмөтү эмне менен алектенгенин дээрлик билишпейт да. Жаштар өздөрү жашаган коомдун бир бөлүгү болуп эсептелгенин баамдай алышы үчүн ушундай иш-чараларды өткөрүп туруш керек”.