Латвия өлкөсүнөн көңүл айтуу

18.01.2017 11:01
Расмий кат Өнүктүрүү саясат институтунун өнөктөшү болгон Латвиянын жергиликтүү жана аймактык өз алдынча башкарууларынын Ассоциациясынын кеңсесинен келди.
Латвия өлкөсүнөн көңүл айтуу

Латвиянын жергиликтүү жана аймактык өз алдынча башкарууларынын Ассоциациясы 2017-жылдын 16-январындагы кайгылуу окуянын кесепетинен жабыркагандардын жана маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жана досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтат. 

Биз сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз. Эгер биз сиздерге кандайдыр бир жардам же колдоо көрсөтө алсак, кайрылыңыздар.

Кайгылуу окуянын натыйжасында ооруканада дарыланып жаткандардын тез арада айыгып кетишин чын жүрөктөн каалайбыз.