БӨУ МЕНЕН ЖӨБдүн ӨНӨКТӨШТҮГҮ: Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүгө кантип жеткиребиз?

13.11.2015 08:09
2015-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарындагы Парк-отелде ЖӨБ деңгээлинде социалдык тапшырыкты жайылтуунун жыйынтыктары боюнча “тегерек стол” талкуусу өтөт.
БӨУ МЕНЕН ЖӨБдүн ӨНӨКТӨШТҮГҮ: Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүгө кантип жеткиребиз?

Кыргызстандын алыскы, жетүүгө оор муниципалитеттеринин тургундары социалдык кызмат көрсөтүүлөргө өтө муктаж. Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жана балдардын, карылардын жана жаштардын алдында эки гана тандоо бар – же райондук борбордун жупуну мүмкүнчүлүктөрүнө ыраазы болуу (ошол эле кезде райондук борборго жетүү да оңой эмес), же болбосо зарыл болгон кызмат көрсөтүү үчүн борбор калаага барууга туура келет. Ал эми бул болсо акчаны талап кылат. Министрликтер бир катар объективдүү жана субъективдүү себептерден улам керектөөчүлөргө социалдык кызмат көрсөтүүнү толук көлөмдө жеткире албай келет. Эмне кылыш керек? Жаңы нерсени ойлоп табуунун кажети жок. Себеби даяр чечим бар – социалдык кызмат көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү зарыл (акча менен кошо). Ал эми алар болсо өз кезегинде кызмат көрсөтүүнү уюштурууга социалдык бейөкмөт уюмдарды тарта алат. Мындай практика эми Кыргызстанда да бар! Бул – мамлекеттик (муниципалдык) социалдык тапшырык. Мында ЖӨБ органы – мэрия же айыл өкмөтү тапшырыкчы, ал эми бейөкмөт коммерциялык эмес уюм (БӨУ) – аткаруучу.

2015-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарындагы Парк-отелде ЖӨБ деңгээлинде социалдык тапшырыкты жайылтуунун жыйынтыктары боюнча “тегерек стол” талкуусу өтөт. Иш-чаранын уюштуруучулары – Өнүктүрүү саясат институту жана Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоору.

Алыскы муниципалитеттер – Каргалык, Сумбула жана Тогуз-Булак айылдык аймактары пионер болуп калышты. Анткени алар балдарга, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга кызмат көрсөтүүгө батынышты. Мисалы, облус борборунан 160 километр жана Бишкектен 650 километр аралыкта орун алган Каргалык айылдык аймагында мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борбор ачылган. Аталган борбордун жардамы менен үчтөн 18 жашка чейинки курактагы орто жана оор майыптыгы бар, дарылануу үчүн алыска барууга мүмкүнчүлүгү болбогон балдарда педагог-тарбиячылар, психологдор жана логопеддер менен бирге реабилитациялык жана социалдашуу боюнча интенсивдүү курстардан өтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ал эми Сумбула айылдык аймагында “Сары-Дөбө айылында мектепке чейинки билим берүү борборун ачуу” долбоорунун ишке ашырылышы ЖӨБ менен БӨУнун биргелешкен аракеттери менен мектепке чейинки билим берүү маселесин оң жагына чечүү мүмкүн экенин дагы бир жолу тастыктады. Аталган долбоордун жардамы менен 80 балада мектепке толук кандуу даярдануу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мындан тышкары тегерек столдун катышуучулары ДЦП менен ооруган, бирок Тогуз-Булак айылдык аймагында күндүзгү реабилитациялык борбордун ачылышы менен башка жашоого үмүтү жанган баткендик балдар менен да тааныша алышат.

Талкуунун катышуучулары ЖӨБ органдарынын, БӨУнун өкүлдөрүнүн, алгачкы жолу үйүнөн алыс кетпей эле кызмат көрсөтүүлөрдү колдоно алган адамдардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына мониторинг жүргүзгөн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ой-пикирлерин уга алышат. Ошондой эле өлкөдөгү 11 муниципалитетте БӨУ аркылуу социалдык тапшырыктын аткарылышы тууралуу тасма да көрсөтүлөт.

2014-жылга чейин Кыргызстанда мамлекеттик социалдык тапшырыкты жайылтуу практикасы Социалдык өнүгүү министрлигинин иши менен чектелип келген. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде иш такыр жүргүзүлгөн эмес. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын 11 муниципалитети алгачкы жолу муниципалдык (мамлекеттик) тапшырыкты ишке ашырууга БӨУ арасында конкурс өткөргөн. Муниципалдык социалдык тапшырыкты аткаруу үчүн ар бир муниципалитет 1 миллион сом көлөмүндө каржылоого ээ болуп, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыра алышты. Муну менен ЖӨБ бейөкмөт уюмдар менен кызматташып, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу жана сапаттуу уюштура алууга, муну менен кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүгө жеткирип, калктын эң аярлуу катмарлары үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздай алууга жөндөмдүү болгонун далилдей алышты.

Толук маалымат алуу үчүн Мээрим Сейитовага (0312) 976530 (кошумча номер 127) телефон чалып, же MSeitova@dpi.kg электрондук дарегине кат жазсаңыз болот.