Жалал-Абад облусунун Терек-Сай айылдык аймагында элдик жыйын өттү

09.10.2015 09:15
2015-жылдын 6-октябрында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык аймагындагы Маданият үйүндө “Аз камсыздалган үй-бүлөдө тарбияланган балдарды мектепке чейинки билим берүүгө тартуу” долбоорунун жыйынтыктары” темасына элдик жыйын өттү.
Жалал-Абад облусунун Терек-Сай айылдык аймагында элдик жыйын өттү

2015-жылдын 6-октябрында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык аймагындагы Маданият үйүндө “Аз камсыздалган үй-бүлөдө тарбияланган балдарды мектепке чейинки билим берүүгө тартуу” долбоорунун жыйынтыктары” темасына элдик жыйын өттү. Аталган долбоор муниципалдык социалдык тапшырыктын жана Терек-Сай айылдык аймагы менен “Айкан” коомдук фондунун кызматташуусунун алкагында ишке ашырылды. Ага финансылык көмөктү Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору көрсөткөн.

Элдик жыйынга 70тен ашык киши катышты. Алардын арасында жергиликтүү жана аймактык бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, “Ай-Нуру” балдар бакчасынын кызматкерлери, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү, ошондой эле аймактын жергиликтүү калкы катышты.

Жыйында долбоордун жыйынтыктары тууралуу кеңири отчет берилди. Бул долбоордун алкагында ЖӨБ органдары “Ай-Нуру” балдар бакчасынын базасында үч жай болүп берип, ал толук оңдолуп, зарыл болгон жабдуулар жана эмеректер, педагогдор жана балдар үчүн окутуучу материалдар сатып алынган. 2015-жылдын 1-июнунда Борбор расмий түрдө ачылган. 18 тарбиячы үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча тренингдер уюштурулуп, эки тарбиячы үчүн кошумча жумушчу орундары түзүлгөн.

Муну менен аймакта колу жука үй-бүлөдө өскөн, үчтөн алты жашка чейинки курактагы балдар үчүн мектепке чейин билим алуу жана мектепке толук кандуу даярдануу үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Анын алкагында муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген. Бирок бул алгачкы тажрыйба болгонуна карабастан социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берип, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрүп, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берип, эң негизгиси жергиликтүү мүнөздөгү маселелерди жана көйгөйлөрдү чече алат деген фактыны дагы бир жолу тастыктагандай болду.

“Аз камсыздалган үй-бүлөдө тарбияланган балдарды мектепке чейинки билим берүүгө тартуу” долбоорун ишке ашырууда көрсөткөн жардамы үчүн Өнүктүрүү саясат институтуна жана анын адиси Танат Осмонкуловго Терек-Сай айыл өкмөтүнүн атынан ыраазычылык каттары жолдонду.