Таш-Көмүр шаарында Мамлекеттик тил күнү белгиленди

05.10.2015 09:17
21-сентябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында кыргыз тилинин мамлекеттик деген макамды алганынын 26 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Таш-Көмүр шаарында Мамлекеттик тил күнү белгиленди

21-сентябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында кыргыз тилинин мамлекеттик деген макамды алганынын 26 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чараны Таш-Көмүр шаарынын мэриясы Жаштарды өнүктүрүү институту менен кызматташтыкта уюштурду. Иш-чарага мэриянын жетекчилиги жана кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүү калк жана жаштар катышты. Салтанаттуу аземди Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу И.Масабиров жана шаардык кеңештин төрагасы М.Кулдышев ачышты.

Эки күн бою, 18-сентябрдан 19-сентябрга чейин Таш-Көмүр шаарында мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлеринин, шаардагы орто мектептердин окуучуларынын, ошондой эле жаштардын катышуусунда бир катар иш-чаралар уюштурулду. Мекеме кызматкерлери мамлекеттик тилди кандай деңгээлде билерин аныктоо максатында алардын арасында сынак өткөрүлүп, ага жогорку жана орто звенодогу 48 адис катышты. Алар 20 суроонун 18-19уна туура жооп беришти. Ал эми 19-сентябрда Маалыматтык-ресурстук борбордо[1] орто мектептин окуучулары арасында “Акыл Ордо” деп аталган интеллектуалдык сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана белек-бечкек алышты.

Белгилей кетчү жагдай, жергиликтүү жаштар бул иш-чарага өзгөчө жигердүү катышты. Буга жыйынтыктоочу иш-чара, 600дөн ашык киши катышкан “Кыргыз бийин бийлейли!” аттуу флеш-моб акциясы да далил. Бул майрам көрүүчүлөргө да, иш-чаранын катышуучуларына да чон кубаныч жана ырахат тартуулады.

Маалымат үчүн: 1989-жылдын 1-июлунда КР Жогорку Кеңеши “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. 2013-жылдын 1-июлунда “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана КРда тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” президенттин жарлыгы чыккан. Анын негизинде “2014-2020-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана КРда тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программа” иштелип чыккан. Аталган улуттук программа коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө мамлекеттик тилди колдонуу жана бардык жерде жайылтуу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчтөндүрүүгө, кыргызстандыктарда көп тилдүүлүктү өнүктүрүүгө, эне тилинде, мамлекеттик, расмий жана чет тилдеринде эркин сүйлөөгө шарт түзүүгө багытталган.

 


[1] Аталган борбор “Жаштардын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өз ара аракети аркылуу Таш-Көмүр шаарында жаштардын социалдык-маданий өнүгүүсү” долбоорунун жардамы менен ачылды. Бул долбоорду Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоорунун финансылык колдоосу алдында Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын социалдык тапшырыгы боюнча Жаштарды өнүктүрүү институту ишке ашырат.