Муниципалдык социалдык тапшырык: кандай сабак алдык?

19.08.2015 19:38
2015-жылдын 20-21-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын аймагында муниципалдык тапшырыкты ишке ашыруунун сабактарын талкуулоого арналган иш-чара өтөт.
Муниципалдык социалдык тапшырык: кандай сабак алдык?

2013-2014-ж.ж. Кыргыз Республикасынын 11 муниципалитети социалдык тапшырык механизми аркылуу жергиликтүү бюджеттен каржыланган социалдык долбоорлорду ишке ашырууга киришти. Бул муниципалитет социалдык кызматтарды көрсөтүүнү бейөкмөт уюмга тапшырган муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Жергиликтүү бюджеттерге финансылык колдоону Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) "Жарандык коомду колдоо фонду" Долбоору көрсөтүүдө.

2015-жылдын 20-21-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын аймагында муниципалдык тапшырыкты ишке ашыруунун сабактарын талкуулоого арналган иш-чара өтөт. Он бир муниципалитеттин өкүлдөрү жарандык коом уюмдары менен кызматташуу аркылуу социалдык көйгөйлөрдү кантип чечиш керектигин жана чечсе болорун көрсөткөн  мисалды ишке ашыруу тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Социалдык өнүгүү министрлигинин, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин адистери өткөргөн техникалык экспертизалоонун сабактарына талдоо жасалат.

Буга кошумча катышуучулар үчүн маалымат өнөктүгүн уюштуруу жана өткөрүү, пилоттук айылдык аймактарда иш-чаралар маалында тиешелүү маалыматтык материалдарды бюллетендер, брошюралар, релиздер ж.б. түрүндө даярдоо боюнча практикалык семинар да уюштурулат.

Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда Добрецованын айтымында, муниципалдык деңгээлде механизмди жайылтууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан тапшырыкчылар жана бейөкмөт уюмдардын атынан аткаруучулар кыйынчылыктарга жана чечилбей келаткан ченемдик, техникалык маселелерге туш болду. “Кыргыз Республикасында муниципалдык деңгээлде мамлекеттик соицалдык тапшырыкты ишке ашыруу өңдүү мындай практика буга чейин болгон эмес да. Учурдагы болгон ченемдик база мамлекеттик социалдык тапшырыкка гана эсептелген. Анын тапшырыкчысы болуп КР Социалдык өнүгүү министрлиги эсептелип келген, - дейт Н.Добрецова. – Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти жоюуга жардам берет”.

Иш-чара өтчү күн: 2015-жылдын 20-21-августу.

Иш-чара өтчү орду: “Достук” мейманканасы, №216 жыйындар залы.

Уюштуруучу: Өнүктүрүү саясат институту.