Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык ААда өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борбор

22.06.2015 15:48
2015-жылдын 23-24-июнь күндөрү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык айылдык аймагынын Казарман айылында “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фонду эки күндүк тренинг өткөрөт.
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык ААда өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борбор

2015-жылдын 23-24-июнь күндөрү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык айылдык аймагынын Казарман айылында “Күндүзгү реабилитациялык борборду ачуу менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын адаптациясы жана реабилитациясы” долбоорунун алкагында “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фонду эки күндүк тренинг өткөрөт. Борбордун кызматкерлери, мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү, ЖӨБО жана ата-энелер катыша турган тренинг “Күндүзгү реабилитациялык борборлордун ишинин институционалдык негиздери” деген темада өтөт.

Борбордун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, мамструктура, ЖӨБО өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле ата-энелерди билим берүүнүн системасына жана балдарды окутуу усулдарына даярдоо менен өзгөчө муктаждыгы бар балдарга өз убагында жардам жана колдоо көрсөтүүгө ар тараптан даяр кылат. Тренингдин катышуучулары альтернативалык кызмат көрсөтүүлөр жана алардын мыйзамдык негиздери, Кыргызстандагы түрдүү категорияга кирген балдарга көрсөтүлчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдык стандарттары, Күндүзгү борборлорду мамлекеттик бюджетке өткөрүү механизми жана ишти туруктуу негизде алып кетүү тууралуу түшүнүктөр менен кошумча таанышып чыгышат.

2015-жылдын июль айында Каргалык айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фондунун кызматташтыгынын алкагында өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн Күндүзгү реабилитациялык борбордун ачылышы күтүлүүдө. Борбор Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоорунун финансылык колдоосу менен ачылат. Борбор акыл-эсинин өнүгүүсүндө түрдүү мүчүлүштүктөрү бар 82 бала жана алардын ата-энелери менен иш алып барат. Күндүзгү реабилитациялык борбор адаптациялык, реабилитациялык жана кеп-кеңеш берчү кызматтарды көрсөтөт. Ошондой эле Каргалык ААнын аймагында балдар арасындагы майыптуулукту алдын алуу иштерин жүргүзөт.

Бул – муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Анын алкагында муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берет. Бул келечектеги чоң кыймылды – Кыргызстанда социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө карай шилтенген алгачкы кадам. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти оңдоого жардам берет.