ТАЛАС ОБЛУСУНУН МАДАНИЙ МУРАСЫН САКТАП КАЛУУ

25.05.2015 15:33
2015-жылдын 28-майында “Айкөл” Жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” КУ жана “Талас облустук жаштар кеңеши” КУ Талас облусунун Талас районундагы Манас айылында “Атадан калган мурас” долбоорун ишке ашыруунун алкагында “Чоң апамдын ийиги” деген аталышта иш-чара өткөрөт.
ТАЛАС ОБЛУСУНУН МАДАНИЙ МУРАСЫН САКТАП КАЛУУ

2015-жылдын 28-майында “Айкөл” Жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” КУ жана “Талас облустук жаштар кеңеши” КУ Талас облусунун Талас районундагы Манас айылында “Атадан калган мурас” долбоорун ишке ашыруунун алкагында “Чоң апамдын ийиги” деген аталышта иш-чара өткөрөт. Ага жергиликтүү орто мектептердин/лицейлердин окуучулары, жаштар жана аялдар комитеттеринин өкүлдөрү, аксакалдар кеңеши, көчө жамааттарынын, Талас районунун Өмүралиев айылдык аймагынын айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин депутаттары катышат. Ошондой эле “Чоң апамдын ийиги” майрамы Кыргызстанда акыркы жылдары май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келаткан эл аралык Энелер күнүнө карата да уюштурулуп жатат.

Бабалардын мурасын жандандыруу аркылуу улуу муундан жаш муунга салт-санааларды жана баалуулуктарды өткөрүп берүү жана бул иштерди калыбына келтирүү максатында бир күн бою өтчү кеңири маданий программа каралган. Катышуучулар кыргыз элинин салттары жана адаттары менен таанышып, салттуу улуттук тамак-аштарды, жүндөн жасалган улуттук буюмдарды жасоого катышып, кыздын себинин көрсөтмөсүнө күбө болушат. Ал эми жаштар боз үй тургузганды үйрөнүп, улуттук ашкана менен таанышат. Иш-чара оюн-зоок, комуз жана улуттук бийлер менен коштолмокчу. “Бүгүнкү күндө улуттук маданиятыбызды сактап калуу маселеси буга чейин болуп көрбөгөндөй актуалдуу маселеге айланды. Элибиздин улуттук салттарын, каадаларын жана адаттарын жандандырып, сактап калуу өтө маанилүү иш”, - деп ой бөлүштү “Айкөл” Жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” коомдук уюмунун жетекчиси Темирбекова Гульмира.

Бул долбоор жергиликтүү бюджеттен муниципалдык социалдык тапшырык механизми аркылуу каржыланууда. Бул Кыргыз Республикасынын муниципалитеттериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүү боюнча долбоорго тапшырык берген, жарандык коом уюмдары менен кызматташуу аркылуу социалдык көйгөйлөрдү кантип чечиш керектигин жана чечсе болорун көрсөткөн алгачкы мисалдардын бири. Жергиликтүү бюджетке финансылык колдоону Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору көрсөтүүдө.