Таш-Көмүр шаарында жаштар үчүн алгачкы Маалымат-ресурстук борбордун ачылышы

21.05.2015 09:54
2015-жылдын 27-майында 10:00дөн 12:00гө чейин Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында көптөн бери күтүлгөн шаардагы жалгыз Маалымат-ресурстук борбордун ачылышы болот.
Таш-Көмүр шаарында жаштар үчүн алгачкы Маалымат-ресурстук борбордун ачылышы

2015-жылдын 27-майында 10:00дөн 12:00гө чейин Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында көптөн бери күтүлгөн шаардагы жалгыз Маалымат-ресурстук борбордун ачылышы болот. Ал шаардык китепкананын базасында түзүлгөн жана алгачкы кардарлар азыртадан эле борбордун кызмат көрсөтүүлөрүн колдоно алышат.

Таш-Көмүр шаардык мэриясынын социалдык тапшырыгы боюнча Жаштарды өнүктүрүү институту ишке ашырган «Жаштардын жана мамлекеттик структуралардын өз ара аракети аркылуу Таш-Көмүр ш. жаштардын социалдык-маданий өнүгүүсү» долбоорунун алкагында шаардык китепкана эки аптанын ичинде толугу менен ремонттолуп чыгып, көп функционалдуу маалымат-ресурстук борбор болуп кайра түзүлдү. Аталган борбордун ачылышы менен шаар жаштарына замапбап дүйнөгө да эшик ачылып, электрондук китепкананын жардамы менен билимге болгон кызыгуу да, онлайн вебинарларга катышуу каалоосу да артат. Зымсыз интернеттин жардамы менен жаштар Кыргызстанда да, чет өлкөдө да болуп жаткан окуялар, өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу актуалдуу маалыматты алалышат.

Борбордун ачылышына КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү, Таш-Көмүр шаарынын мэриясы, КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин аймактык өкүлү, ошондой эле каалоочулар жана жаштар катышат. Расмий аземден кийин концерттик программа жана жаңы борбордун имараты менен таанышып чыгуу иш-чарасы пландалган.

Долбоорду ишке ашыруу 2015-жылдын сентябрына чейин пландалган. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Мындай практика социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, эң негизгиси Кыргызстанда жарандык коомду чет өлкө гана каржылаганынан улам суроо жаратып келаткан түшүнбөстүктөрдү жөнгө салууга жардам берет. Себеби эми өлкөдө социалдык өнүгүүгө багытталган долбоорлорду каржылоонун ички булактары пайда болот. Бул жарандык коом уюмдары менен кызматташтык аркылуу социалдык көйгөйлөрдү кантип чечсе болорун жана чечиш керектигин көрсөткөн мисал. Жергиликтүү бюджетке каржылык колдоону Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору көрсөтүүдө.